// //

Келинибиз келери менен машинадан түшө калып "Кандайсыңар?" деп учурашкан

2020.06.08, 16:34
17408

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

"Атам жашып жиберди"

Кыздар менен сүйлөшө албаган тартынчаак иним үйлөнөрүн айтканда маңдайыбыз жарыла сүйүндүк. Апам эртең эле алып келишин айтып “боорсок жасасам эле болду, калганы баары даяр”,-деп шаштысы кете баштады. Ананчы, көптөн күткөн тилегибиз оңунан чыкканы жатса. Эстесем, ошондо болочок келинибиздин ким экенин деле сурабаптырбыз.

Атам жалгыз уулунун тоюуна катып жүргөн жылкысын тоодон алдыртты. Туугандарга кабар жөнөттүк. Кол-кабыш кылганга келиндер келди. Шарларды үйлөп дарбазага илип, көшөгөнү тарттык. Айылдын диджейи атка конгон Садыр байкени чакыртып, музыка койдурдук. Иним жолго чыгышканын айтып чалды. “Ай, келин келатыптыр, даярдангыла!” Апам жеңелерге буйрук берди.

Көчөнүн башынан машина көрүндү. Бир кыз терезесинен башын чыгарып  бизге колун булгалады. Курбусу го деген ой менен биз дагы булгалап койдук. Үйгө кирип келишти. Машина токтоп, эшиги ачылып, жанагы колун булгалаган кыз чыгып, “Кандайсыңар? Жакшы турасыңарбы?” деп баарыбыз менен учурашып кирди. “Жакшы, айланайын” дегенден башка эч нерсеге жараган жокпуз.

Атамдын буту ооруйт. Очоктун жанында, скамейкада отурган. Жанына басып барып, “Ата кандайсыз?” деп бетинен өптү. Атам жашып жиберди. Көрсө, келинибиз ошо кыз экен.

Апам жоолугун кармаган боюнча турат. Биз арбак көргөн немедей өзүбүздү жоготуп койдук. Баарыбыз унчукпай ыңгайсызданып туруп калдык. Кичинекей сиңдим, "жүрүңүз, мен сизге көшөгөнү көрсөтөм", деп кырдаалды жайгарып кетти.

Бир аздан кийин эле, силер менен чогу отура турайынчы, деп ашканага келип алды. “Быдылдап ар нерсени сүйлөп, баарыбыз менен таанышып чыкты. Бир сыйра чай ичип болгон соң, “эми көшөгөгө отурайын” деди. "Аа, макул" деп кала бердик. Азыр, эстеп күлкүм келет. Баса, мен кайын эжеси болом.

Тыпылдаган мыкты келин болуп чыкты. Тартынбайт. Болгонун болгондой ачык айтат. Тарс-тарс сүйлөп, баарын ордуна коюп коет. Качан үйгө барбайлы, жаркылдап күлүп тосуп алат. Атам менен апама көрсөткөн сыйы укмуш. Жоош иниме ушундай эле кыз керек болчу.

Инимдин ичимдик менен достошкон бир-эки достору бар. Алар үйгө келип инимди чакырса, бир көз караш менен жолдоруна салып коет. Кандай сонун келинибиз бар! Ылайым бактылуу болушсун!

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим "ата-энеңе акча салба" деп айлыгымды алганга шашылат

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт