// //

Күйөөсү бир жакка барарда аялынан уруксат сурашы керекпи?

2020.06.08, 12:05
2147

Жолдошум менен баш кошконубузга аз эле болду. Сурайын дегеним, күйөөм досторуна көп жолугат, балык кармашып, футбол ойношуп күндө үйгө түнкү 2-3төрдө келет. "Мен эркекмин",- деп, кайда барарын мага айтпай эле кетип калат. Негизи дин боюнча эркек киши аялынан уруксат сурап кетиш керекпи? 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
08.06.2020, 12:09

Кадыр Маликов

Теолог

Үй-бүлөдөгү ички маселелерди аял менен эркектин укутарына алып барган болбойт. Никенин башында түшүнбөстүктөр болот, бирок бул нерсени ким-кимге эмне милдеттүү, ар ким өзүн кантип алуу жүрүү керек деген багытка бура берген туура эмес. Тактап айтканда, булардын баары акырындык менен келет. Эң негизгиси түгөйлөрдүн ортосунда ишеним болуш керек. Балким, күйөөңүз ушундай жол менен өзүн-өзү ишендирип жатат, адатта мындай нерселер боло берет. Бул жерде диалог жана бирин-бири сыйлоо болуш керек. Булардын баары убактытын өтүшү менен пайда болот.

Куранда Кудай таала никени жаратып, аял менен күйөөнүн ортосунда сүйүү менен боорукерлик жасаганын айтат. Экөөңөрдүн ортоңордогу баарлашуу бирин-бири сыйлоо, түшүнүү жана кечире билүү жөндөмдүүлүгү менен коштолушу керек. Саат 2-3төрдө келсе, албетте, кабатыр болбошуңуз үчүн, сизди сыйласа  кайда кеткенин, качан келерин айтып турушу керек. Бул нерсени акырындык менен түшүндүрүңүз: кабатыр болуп жатканыңызды, кайда барарын айтып турушун ж.б. 

Исламда үй-бүлө бирин-бири сыйлоодон жана сүйүүдөн курулат. Күйөөңүздүн кадыр-баркына шек келтирбестен, бул маселеге акылмандык менен карап, ага исламда дагы аялдын укугу бар экенин, бири-бириңерге болгон сыйдан улам анын кайда жүргөнүн билгиңиз келгенин айтыңыз. Ар бир кадамын көзөмөлдөп, отчет алуу эмес, баары качан келерин билүү максатында болуш керек.

Исламда эркек аялынан уруксат сурабайт, ал үй-бүлөнүн багуучусу болгондуктан, ал үйүнөн акча, тамак- аш издөө үчүн чыгат. Тактап айтканда, ар бир учурда уруксат сурай бербейт, жөн гана аялы кабатыр болбош үчүн кайда баратканын, качан келерин айтып турушу керек. Дагы айтам, баары ишеним менен курулат. Бул жерде  кеп көзөмөл же укуктарды таңуулоодо эмес, өз ара ишеним жана сыйда.  

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт