// //

Кышта бут кийим тайгаланса эмне кылуу керек? Пайдалуу кеңештер

2018.12.03, 12:56
3907

Бут кийим тандап жатканда, биринчи кезекте көрүнүшүн карайбыз, ыңгайлуубу же жокпу деп дүкөндөн ары-бери басып көрөбүз. Бирок, көчөгө чыкканда, маанилүү бир нерсени эске албай калганыбыз билинет -  бут кийимдин таманы жылмакай.  

Бут кийимдин таманы сыйгаланса бул ыкмаларды колдонуп көрүңүз. 

Үйдөгү ыкмалар

  1. Лейкопластырь. Жарамдуулугу - 2-3 күн.

Дарыкандан кездеме лейкопластырдын рулонун сатып алып, 3-4 см кылып кесип, бут кийимдин таманын тазалап, кургатып чаптап коюңуз. Эсиңизде болсун, эриген кар менен басууга болбойт. 

  1. Кийиз. Жарамдуулугу – 1-2 жума.

Кийиздин кесими жана супер клей керек. Таза жана кургак таманга желим сүйкөп, үстүнө кийизди жабыштырып, толук кургаганча күтүңүз. Кургак жерден басыңыз, болбосо кийиз дароо түшүп калат.

  1. Желим. Жарамдуулугу – 1-2 жума.

Кадимки супер клей же ПВАны алып таза жана кургак таманга сүйкөңүз. Желим кургай электе үстүнө кум сээп койсоңуз да болот.

  1. Кум кагаз. Жарамдуулугу 1-2 жума же 1-2 ай.

Бут кийимдин таманын кум кагаз (наждак) менен сүртүп, быдыр кылыңыз. Же кум кагаздын өзүн кесип, таманга же­лим менен жабыш­тырыңыз.

  1. Байпак. Жарамдуулугу – жыртылганча.

Бут кийимдин үстүнөн байпак кийип алыңыз. Күлкүлүү көрүнүшү мүмкүн, бирок кепилдиги жогору. 

Кесиптик ыкмалар 

  1. Темир така

Такага темир кагылат. Бирок, баскандагы такылдаган үн тажатып ийет.

  1. Протекторду тереңдетүү

Музда тайбаган бут кийимдин протектору терең болот. Эгерде сиздики терең эмес болсо, өтүкчү бир заматта бул көйгөйдү чечип берет. Көңүл бурунуз, бул ыкманы таманы калың бут кийимдерге гана колдонсо болот.

  1. Металл шуруп жана мык

Бут кийимдин таманына шуруп же мык кагылат. Өзүм жасайм дебей, өтүкчүгө кайрылыңыз.

  1. Полиуретан

Полиуретан – бекем материал, бут кийим жасоодо да колдонулат. Өтүкчүгө сүйкөтүп алсаңыз, тайгалануудан сактап, көпкө чейин кармалат. 

  1. “Ледоходы” же “Ледоступы”

Буларды дүкөндөрдөн таап аласыз. Орточо баасы 200 сомдон башталат. Түрлөрү абдан көп.

Муздуу жолдо шашпай, буттун таманын жерге толук коюп басыңыз!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт