// //

Менин атым Жеки Чан

2018.11.30, 16:13
1872

Менин атам шпион болгон экен, ал эми апам банги затын ташыган контрабандачы болчу. Мен 6 жашка чыкканда ата-энем мени интернатка калтырып кетишкен. Ал жактан акробатика, музыка, актердук чеберчиликти жана ырдаганды үйрөнгөм.

Жаны тынбаган, өтө тентек бала болчу экенмин. Тапанчанын огундай ары-бери сызып чуркап жүрөр элем. Шамдагайлыгыман, мугалимдер мени "пао-пао" деп атап алышкан.

Мектепти аябай начар окудум. Биринчи классымда экинчи жылга калып калгам. Сабак окуй албай калсам, мугалимден таяк жечүмүн. Көп жылдар бою мени башка балдар шылдыңдап, уруп турушчу. Себеби, өзүмдү коргой алчу эмесмин. Бир күнү биздин класска жаңы окуучу келди. Балдар аны да шылдыңдап баштаганда, мен ага болуша кеттим. Ошо күндөн тартып, каршылык көрсөткөнгө, өзүмдүн таламымды талашканга үйрөндүм.

Мектепти аяктап, Брюс Линин каскадерлор командасына жумушка орноштум. Мен аны кумир тутар элем. Ойго келбеген трюктарды жасап тез эле атактуулукка жетиштим.

Мени “Брюстун көлөкөсү” деп аташчу. Бирок, мен эч качан экинчи Брюс Ли болгум келген эмес. Мен биринчи Жеки Чан болууну самап жаткам.

Брюс Ли каза болгондон кийин бир нече боевик киного тартылдым. Бири да ийгиликке жетишкен жок. Брюс Линин мушташ жүргүзүү ыкмасын туураганым жыйынтыксыз болду. Жолум болбогон соң Гонк-Конгдон кетип калдым. Австралияга барып курулушка кирип иштедим.

Бирок кыялдарым башыман чыкпай койду. Ошондуктан: "Кырдаалга моюн сунбагыла, жаралган кырдаалды башкарып үйрөнгүлө", - деп айтаар элем.

Мен комедия менен чыгыш мушташын айкалыштырып киного жаңы жанр алып келдим.

Эки жылдан кийин Азиядагы эң көп акы төлөнүүчү актер катары таанылдым.

Бирок ийгилик, жаңы кыйынчылыктарды жаратты. Жакын адамдарым мени миллиондогон долларга алдап кетишти. Менден акча талап кылган кылмыштуу топтордон коргонуу үчүн ар дайым жаныма тапанча көтөрүп жүргөнгө туура келди.

Мен адгачкы киномду тартып баштагандан 34 жыл өткөндөн кийин “Бронкстогу талаш” деген тасмам Голливуддагы хитке айланды. Ал учурда мен 42 жашта элем.

50 жылдын ичинде 100дөн ашык кино тарттым.

Денемдеги ар бир сөөгүм жок дегенде бир жолу сынган.

Жандуу аткарылган трюктар боюнча дүйнөлүк рекорддун ээси мен болом.

Мен жети тилде эркин сүйлөшө алам.

Классикалык вокал боюнча илимий даражам бар.

Жыйырмадан ашык альбом чыгардым.

Мен эки гана нерседен корком: уколдон анан элдин алдына чыгып сүйлөгөндөн.

Менин атым Жеки Чан.

Тагдыр бизди далай жолу бутка чаап жыгат. Бирок кайра туруп жолуңду улантасыңбы, же ошо бойдон жерде каласыңбы аны бир гана сен чечесиң.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт