Беш маал намаз окуйм, бирок хиджаб кийбейм. Эч нерсе болбойбу?
Саламатсызбы! Мен беш маал намаз окуйм, бирок хиджаб кийбейм. Юриспруденция тармагынын адвокатура багытында билим алам, хиджаб кийип алсам кандай болот деп ойлонуп жатам. Албетте, бардыгы Алланын буйругу менен, бирок мен өз алдынча чечим кабыл алалбай жатам. Кээ бирөөлөр хиджаб кийбей эле намаз окуй бер дешет, айрымдары кийбесем күнөө болорун айтышат. Жан дүйнөм даяр болгондо кийейин десем, күнү-түнү бул маселени ойлоп тынчым кетип жатат. Сураныч мага кеңеш берип коюңузчу.
Бактияр Токтогазы уулу
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын фатва бөлүмүнүн адиси
Хиджаб кийүү намаз окуу сыяктуу эле бир парз болуп саналат. Кийбей койсоңуз күнөө болбойт деп айтуу мүмкүн эмес, бул жерде кандайдыр бир деңгээлде жоопкерчилик болот. Намаздын шарттарынын бири-аял намаз окуп жаткан учурда денесин толук жабыш керек, болбосо окуган намазы жараксыз болуп калат.
Эгерде аял намаз учурунда ауратын жаап, бирок башка учурда хиджаб кийбесе, анын дубасы кабыл кылынат. Тескерисинче, эгер намазды такай окуса, анда ал хиджаб кийүүгө түрткү берет деген үмүт бар. Себеби мусулман аял хиджаб кийип, намаз окуусу милдеттүү, андыктан кыз бул милдеттерди мүмкүн болушунча эртерээк аткарууга аракет кылышы керек.