// //

Кызым автобустан "фу, мама осуруп койдуңго" деп уят кылган. Балдардын окуялары

2020.05.31, 11:10
4962

Bilesinbi.kg 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата окурмандарынын башынан өткөн күлкүлүү окуялары менен бөлүшүүнү чечти. Эгер сизде дагы эсиңизде калган позитивдүү окуя бар болсо, бизге жөнөтүңүз. 

Ким осурду?

Кызым үч жашта эле. Ошол мезгилде “элдин арасында осурба, уят болот”,-деп үйрөтө баштаганбыз. Бир күнү автобуста баратсак кызым осуруп коюп “фу, мама осуруп койдуңго”,-деп, кайра мени уят кылган. Жаныбызда турган адамдар “уялбайсыңбы”,-деп ары жыла баштаган. “Мен эмес кызым”,-деп айта албай уялгам. Азыр эстеп күлөбүз. nurnu8

Жыттуу жоолук

Менин кызым сегиз айлык. Уйкусу келгенде жоолугумду карматып коем. Мурдуна коюп жыттап жатып уктап калат. Жоолуктагы жытым кетип калса албайт. Кайра салынып жытымды сиңирип туруп берип коем. arseana5

Коркок ата

Мен дагы өз кулунумдун бир окуясы менен бөлүшө кетейин. Алты жашка толгондо бөлмөсүн бөлүп, өз алдынча жаткырып үйрөттүк. Бир күнү балам кайын энеме “атам караңгыдан коркот, апамы жанына алып катуу кучактап жатат, мен коркпой өзүм уктайм”,-деп жатыптыр. Уялганымды айтпагыла. angel_a3784

Бул эмне?

Кызым эки жарым жашар болсо керек. Эшиктин алдында кайын атамдын трактору турчу. Ары өтүп, бери өтүп, “Бул эмне?” деп кечке сурай берчү. Трактор десем, кайра эле сурайт. Бир күнү жолдошум үйдө болчу. Атасынан “Бул эмне?” деп дагы сурады.  Атасы “Кой, козу, мааа” десе, атасына карап туруп “ыккыыы, тылактыыыл бул” деп боорубузду эзген. meh_kmed

Кайын эне

Эки балабыз бар. Улуусу аябай эле көп сүйлөйт. Каяктан үйрөнүп аларын билбейм, сүйлөгөн сөздөрүнө таң калам. Былтыр күйөөм менен уруша кетсем, жаныма келип “мама, сенин жашооң болбойт”,-деп коет. Кошуна бир тууган үч кыз бар. Көчөдөн аларды көрүп калса “мен сени сүйөм”,- деп бакырат. Алардын апасын эмитеден эле “кайын эне” деп алган. Эже көчөгө чыгып калса, “мама кайын энем чыкты, барып сүйлөшкүлө”,-дейт.  Urmatkunduz

Апа же бала?

Эки балабыз бар. Уулум эки жарым жашта. Шоктук кылып койсо, “кой, балам антпе”,-деп урушуп коем. Анан оюна келгенде мага “эй, балам, балаам”,- деп айтып күлүп баштайт. Мага тийишкенди жакшы көрөт. Мени “апа” дебейт. Канчалык аны “балам” десем, мени дагы “балам” дейт. Кайын энемдер аябай күлөт. schastlivayaa_97

“Мочосунан иий”

Мен да айта кетейин. Балам жакында алты жаш болду. Карантин убагында отургузуп койдук эле. Чоң атасы келип эле “мочосунан”,- деп кармалап, көрсөтсө 20 сом берерин айтып эркелетет. Бир күнү үйүбүздө уста бар эле, аяшым. Жумуш кылып жаткан. Балам уялбай барып “мочосунан иий”,- деп эркелетип жиберсе, “ваай ата” деп күлүп жатып столдон аңтарылып кетти. Бирок эч нерсе болбоду. Ошондуктан туура эркелетүү керек экен. damira.munduzbaeva

Карагат кыз

Кызым эки жаш төрт ай болду. Өтө энергиялуу. Былтыр карагаттын вареньесин жасап, банка алып келгени сыртка чыгып кеткем. Кайра келсем кызым чоң чаранын ичинде чабак уруп жүрүптүр. Башына чейин варенье. Ак көйнөгү өзгөчө өң болуп кетпей калды. umutbaktybekova4

Уяты жок ит

Менин балам үч жашында чоң атасыныкына барып, питбуль итин көрүп, “чоң ата, итиңердин уяты жок экен, шорта кийгизип койбойсуңарбу”,- деп күлдүргөн. malza.08.08

Рецепт

0-класстагы кызым бир күнү мектептен келип, “эжей могу ырды жаттап келгиле деди”,- дейт. Окусам жаңылмач экен:

“Бул бал каймак,

Бул кам каймак.

Кам каймакка бал каймакты кошомун

Бал каймакка кам каймакты кошомун”,- деп окуп бүтсөм, “бул ыр эмес экен го” дейт. “Иий, анан эмне экен” десем, “жөн эле рецепт турбайбы”,- деп жатпайбы. Боорум эзилгенче күлдүм эле. nuraishamsieva

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

"Лошади, бараны, коровы и маленькие коровы", деп айткам. Мигранттардын окуялары

Күйөөм сийип алыпмын деп шымын кайра-кайра жыттаган. Үй-бүлөлүк күлкүлүу окуялар

Күйөөм экөөбүздү эки жыл баккан кайын агама ыраазымын

Күйөөм “менден балалуу боло албайсың, кетип эле кал” деп ыйлады

Кайын энемди көп сүйлөйт дешип жанына отургандан качышат

Эжем бай жерге турмушка чыккандан бери апам менен сүйлөшпөй калды

Кайын сиңдилүү болгондон коркуп, карындашы жок жигитке тием дечүмүн

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт