Баламдын күбөлүгүндө менин атым туура эмес жазылган, эмне кылышыбыз керек?
Баламдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө апасы деген жеринде менин аты-жөнүм ката жазылып калыптыр. Аны кийин байкадык. Күйөөм экөөбүздүн ЗАГСыбыз жок, “аталыгы аныкталды” деген справка менен балабызга күбөлүк алганбыз. Азыр күйөөм Москвада, мен өзүм эле барып, күбөлүктү алмаштырып алсам болобу, же сөзсүз атасы керекпи?
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын Уюштуруу-коммуникация иштери бөлүмүнүн жетектөөчу адиси
Саламатчылык. Сиздин эле атыңыз ката жазылса, анда баланын күбөлүгүн кайсы жерден алсаңыз, же жашаган жериңизге караштуу ЗАГС бөлүмүнө кайрылыңыз.
Туулгандыгы тууралуу күбөлүктү кайра жасатуу 200 сом турат. Аны алуу үчүн төмөнкү документтер керек:
- паспорт;
- апасынын туулагндыгы тууралуу күбөлүгү;
- баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү (ката жазылган);
- атасынын аталыгын аныктоочу справка.
Ийгилик!
Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.
Паспортко тиешелүү суроолорго жоопторду бул жактан окусаңыз болот:
Паспортумдун мөөнөтү өтүп кеткендиктен банктагы акчамды ала албай жатам
Жакында төрөйм, паспортум шаарда калды, төрөт үйүнө барсам мени кабыл алышабы?
Паспортко документтерди Кыргызстандан тапшыргам, РФтеги элчиликтен алсам болобу?