Негизи көп сүйлөгөн баламын, бирок кыздардын жанынан тилимди жутуп алам
Саламатсызбы. Мен 22 жаштамын, негизи оозу тынбаган баламын, анан эле кыздар менен сүйлөшкөнү келгенде тилимди жутуп алам. Алардан уялып, өзүмдү адаттагыдай алып жүрө албайм. Мага кеңеш бергилечи, эмне кылышым керек?
Камила Юсупова
Психолог
Саламатчылык. Сиз өзүңуз үчүн бир нерсени түшүнгүп алышыңыз керек. Эркек балдар болобу, кыздар болобу алар менен сүйлөшүп, пикир алышууда эч кандай айырма жок. Кыздар менен сүйлөшкөндө өзүңүздү башкача көрсөткүңүз келеби? Эгер андай болсо, демек сиз өзүң эмес, башка адам болууга аракет кыласыз, ошонун айынан ойлоруңуз чаташып, организмиңиз чыңалып, өзүңүзду жоготуп коесуз. Мындай көрүнүш эч кандай ийгиликке алып келбейт.
Менин сизге бере турган кеңешим, ар дайым кандай болсоңуз өзүңүздү ошондой алып жүрүңүз. Кыйыныраак, күчтүрөөк, жакшыраак, акылдураак көрүнүүгө аракет кылуунун зарылчылыгы жок.
Анан кыздар да жигиттер менен сүйлөшкөндо толукндана турганын эсиңизден чыгарбаңыз.
Ийгилик!
Психолог Камила Юсупованы инстаграмдагы @institute_auca_kg баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган.
Кыз-жигиттердин мамилелери тууралуу бул жерден окусаңыз болот:
Сүйлөшкөн кызыма жуучу түшсө жигитим бар, деп айтпаптыр. Эмне кылышым керек?
Жигитим быйыл үйлөнөлу деп жатат. А мен арсар болуп жатам
Жигитим үйлөнсөк иштетпейм, өзүм багам деп айтат. Эмне кылышты билбей турам
Сүйөшкөн кызымды өбө элекмин. Эмне кылсам болот? Психологдун кеңеши