// //

Гинеколог: Кыргызстанда жыл сайын 500гө жакын аялга ушул диагноз коюлат

2020.05.28, 17:46
2585

“Рак шейки матки” (Жатын моюнчасынын рагы) бул оору дүйнө боюнча гинекологиялык онкооорулардын ичинен жатындын рагынан кийинки экинчи орунда турат. Онколог-гинеколог Алмаз Бейшембаевдин айтымында Кыргызстан боюнча жыл сайын 500дөн ашык аялдарда ушул диагноз аныкталат. Дарыгер оорунун себеби, симптомдору жана алдын алуу жолдору жөнүндө Вilesinbi.kg сайтына айтып берди.

Алмаз Бейшембаев, С.Б.Данияров атындагы Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Институттун Кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу бөлүмүнүн Онкология, гематология, нур диагностикасы жана терапия кафедрасынын жетекчиси, Улуттук онкология борборунун Гинекология бөлүмүнүн улуу илимий кызматкери.

Жатын моюнчасынын рагы деген кандай оору?

Жатындын төмөн жагында жатынды жана жыныс кынын бириктирип турган моюнча бар. Ошол моюнчадагы өзгөрүүлөр, сезгенүүлөр акырындык менен ракка өтүшү мүмкүн. Адатта мындай өзгөрүүлөр 20-30 жаш куракта пайда болот. Акырындык менен өрчүп отуруп 45-50 жашка чыгып калганда диагноз коюлат.  

Рактын пайда болушуна эмнелер себепкер болот?

Мында түрдүү теориялар көп. Эң көп кездешкени – бул вирустук теория. Башкача айтканда кандайдыр бир вирусту жуктуруу рак оорусу үчүн баштапкы механизми катары болушу мүмкүн. Мисалы, адамдын папиллома вирусу (ВПЧ – вирус папилломы человека) көпчүлүгүндө бар. Анын айрым түрлөрү ракка байланыштуу.

Андан тышкары аялда жатын моюнчасынын рагынын пайда болушуна төмөнкү факторлор да таасирин тийгизет:

  • чылым чегүү;
  • бир нече сексуалдык өнөктөш менен жашоо;
  • иммундук системанын алсызданышы;
  • жыныстык жол аркылуу жугуучу инфекциялар;
  • ашыкча салмак;
  • эрте жыныстык катнаш менен жашоо;
  • тукум куучулук.

Рактын симптомдору кандай болот?

Баштапкы стадияларында рак оорусу эч бир белгилерсиз өнүгө берет. Симптомдор рак өрчүп, жанындагы ткандарга өтө баштаганда пайда болот. Андайда төмөнкү белгилер байкалат:

  • аномалдуу көп кан кетүү;
  • этек кири адаттагыдан көбүрөөк созулуп, катураак оорутат;
  • заара кылганда оорутат;
  • менопауза (климакс) башталгандан кийин да кан кетет;
  • жыныстык катнаштан кийин канайт;
  • вагиналдык дискомфорт
  • өңү, жыты, көлөмү адатагыдан айырмаланып турган бөлүнүүлөр (выделения).

Ракты үй шартында аял өзү аныктай алабы?

Жок, өз алдынча аныктоо мүмкүн эмес. Керек болсо доктур да жөн гана көрүп андай диагноз кое албайт. Жатын моюнчасынын рагын аныктоо үчүн цитологиялык, гистологиялык анализдерди тапшыруу зарыл, УЗИ, компьютердик томографиядан өтүү керек. Ушул изилдөөлөрдүн негизинде онколог “рак” деген диагнозду коет.

Жатын моюнчасынын рагынан айыгып кетүү мүмкүнбү?

Өз убагында аныктап, туура дарыланса статистикага ылайык бейтаптардын 70% жакшы болуп кетишет.

Бул дартты алдын алуу үчүн кандай чараларды көрүү керек?

Жатын моюнчасынын рагын алдын алуу үчүн:

  • туш келди жыныстык катнаштардан баш тарткыла;
  • презервативди ар дайым жана туура колдонгула. Бул каражат кош бойлуулуктан, жыныстык жол аркылуу жугуучу оорулардан жана АИВден (ВИЧ) сактайт;
  • жылына бир жолу гинекологго көрүнүп, медициналык текшерүүдөн өтүп тургула.

Эсиңизде болсун, өз убагында аныкталган ракты дарылап, сакайып кетүү мүмкүн.

Урматтуу айымдар өзүңөрдүн ден соолугуңарга жоопкерчиликтүү мамиле жасагыла!

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт