Колтугумда сөөлгө окшогон бир нерсе бар, алдыртышым керекпи? Маммолог жооп берет
Саламатсызбы. Мен маммологдон кеңеш алайын дедим эле. Жашым кыркта, айылда турам. Эки колтугумдун астында сөөлгө окшогон бир нерсе бар, кээде кычышат. Бир ирет айылга маммологдор келгенинде көрүнсөм, кош эмчегиңиз бар экен, аны алдырып коюш керек деген эле.
Кийин көрүнөм деп жүруп, карантин башталып шаарга чыга албай калдым. Ошо кырк жылдан бери зыяны тийбей эле жүрөт, мындан ары деле жүрө берсе болобу, же сөзсүз алдыртышым керекпи?
Аида Осомбаева
Маммолог
Саламатсызбы. Ооба, медицинада сиз сүрөттөп жаткандай патология бар. Бирок ал абдан сейрак кездешет. Айрым аялдардын колтугунун астында сүт бези болот, кээде шишип калат, кээде эмизген учурда ал жерге да сүт чогулуп калышы мүмкүн.
Сиз айтып жаткан бездериңиз эч кандай ыңгайсыздык жараткан эмес деп жатасыз, андай болсо алдыртпай эле койсоңуз болот. Адатта андай бездерди эстетикалык көрк үчүн алдыртышат.
Кандай болгон күндө да бир сыйра маммологго көрүнүп, текшерүүдөн өтүп коюңуз.
Ден соолукта болуңуз!
Маммолог Аида Осомбаева менен @dr.mammolog.kg инстаграм баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Маммологдун башка жоопторун бул жактан окусаңыз болот:
Эмчегимдин учу карттанып, кайра-кайра түшө берет, эмнеден болушу мүмкүн?
Кызымды эмчектен чыгарганыма бир жылдан ашты, бирок дагы деле сүтүм бар
Боюмда бар, колтугумда бир дөмпөк пайда болу, эмнеден болушу мүмкүн?