// //

Телефон менен сүйлөшүү эрежелерин билесиңби?

2018.11.29, 17:45
3490

Телефон жашообуздагы орчундуу орунду ээлеп калганы белгилүү. Телефонду үйгө унутуп калсак, өзүбүздү башкалардан кем сезип, кадимкидей кыйналабыз. Орто эсеп менен кишилер бир күндө 1ден 3 саатка чейинки убактысын телефон менен сүйлөшүүлөргө жумшайт экен. Бирок, телефон менен сүйлөшүү эрежелерин көптөр биле бербейт.

  1. Эртең мененки саат 8.00 ге чейин жана кечки саат 21.00 дан кийинки телефон чалуулар маданиятсыздыкка жатат. Зарыл иш болбогон соң жөн эле чалып, башка бирөөнүн убактысын алган туура эмес. Эртең менен адам уктап, же жумушуна, сабагына шашып, балдарын бакчасына, мектепке жөнөтүп жаткан болушу мүмкүн. Ал эми кечки тогуздан кийин тескерисинче уйкуга кеткен болот, же балдарын уктатат.
  2. Эгер сизди телефон чалып ойготушса, жайдары жана сылык жооп бергенге аракет кылгыла. Балким чындап эле зарыл жумуш менен чалып жаткандыр.
  3. Эгер тааныш эмес адамга телефон чалып жатсаңар, алгач учурашып өзүңөрдүн ким экениңерди айткыла. Андан кийин кандай маселе тууралуу чалганыңарды так жана кыска билдиргиле. Жакын таанышыңарга чалсаңар деле биринчи учурашып туруп андан кийин сөз баштагыла. Ким телефон чалып жатканын дароо айткыла: “Тааныбай жатасыңбы”, “Унутуп калдыңбы”, “Ой, бул мен” деп табышмактатып бирөөнүн убактысын текке кетирбегиле. 
  4. Эгер сиз телефон чалсаңыз, жооп берген кишиден “Ким бул?” деп сураганга болбойт. Биринчиден сиз чалып жатасыз, демек кимге чалып жатканыңызды билесиз. Экинчиден жооп берген киши сизге жооп кайтарууга милдеттүү эмес. Сиз чалган адам эмес башка бирөө жооп берсе, “Кечиресиз, бул Тилекпи”, же “Тилек менен сүйлөшсөм болобу” деп сургыла.
  5. Эгер башка бирөөнүн телефонуна жооп берип жатсаңыз, ал киши азыр жооп бере албаганын айтып, эмне деп айтып коеюн деп сунуштагыла.
  6. Ар бир адам туура эмес номерге түшүп калышы мүмкүн. Эгер сизге бирөө адашып чалып калса, сылык формада туура эмес жака чалып алганын билдиргиле.
  7. Телефон чалып сөз баштагандан мурун маектешиңердин учурда колу бошпу, сүйлөшө алабы, деп тактап алыңыз.
  8. Эгер байланыш үзүлүп калса, чалган киши кайра биринчи байланышууга тийиш.
  9. Телефон менен сүйлөшүү 15 мүнөттөн ашпашы керек. Эгер сиздин маектешиңиз сиз менен андан ашык убакытка сүйлөшүүгө даяр болсо, тегеректегилерге тоскоол болбой башка бөлмөгө чыгып кеткен оң болот. Алар сиздин жеке жашооңуз тууралуу маалымат алууга милдеттүү эмес.
  10. Коомдук жайларда, көпчүлүктүн арасында жүргөндө телефон менен сүйлөшпөй эле койгонго аракет кылгыла. Себеби, ызы-чуунун айынан бир эле сөздү бир нече ирет кайталап, же бир нече ирет сураганга аргасыз болосуз.
  11. Телефондун үнүн чоңойтсоңуз маектешиңизге эскертип коюңуз. Ал билбестик кылып жеке маалыматты, же сырларыңарды айтып алса, жагымсыз акыбалда каласыз. 
  12. Телефон менен сүйлөшүп жатканда тамак жеп, суу ичип, чалпылдатып чайнап, кекирген болбойт. Телефон аркылуу мындай дабыштар абдан жаман ушулат. Маектешиңиздин уккан кулагын аяп коюңуз
  13. Үнүңөрдү катуу чыгарып, так жана даана сүйлөгөнгө аракет кылгыла.
  14. Айта турган сөзүңөрдү алдын ала ойлонуп алып кыска, нуска жана түшүнктүү сүйлөгүлө.
  15. Телефон чалганыңар үчүн кечирим сурабагыла. Болгону сөздүн аягында убакыт бөлгөнү үчүн ыраазычылык билдирип, коштошууну унутпаңыз.
  16. Эсиңерде болсун, телефон менен сүйлөшүү эч убакта жандуу баарлашууга жетпейт. Себеби, телефон эмоцияларды жана адамдын көз карашын бере албайт.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт