// //

Кекечтенип сүйлөйм, бул нерседен арыла аламынбы? Логопед жооп берет

2020.05.26, 13:49
1917

Саламатсызбы. Мен 17 жаштамын, кекечтенип сүйлөйм. Кээде шар эле сүйлөйм, бирок айрым учурларда бир сөздү толук айта албай кыйналам.

Бир жигит мени жактырып, үйлөнөлү деп жүрөт. Бирок мен каршымын. Сүйлөй албай кекечтенип отурсам уят болом да, туурабы?

Кекечсиң деп көп шылдыңдашат. Аларга капа болбойм, бирок ичимен жаман болом. Кантип ушул нерседен арылам?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
26.05.2020, 13:55

Рано Бусакова

Логопед

Саламатчылык. Кекечтенүү бул речтин оорусу, аны менен жашоо абдан оор. Сизди жакшы түшүнүп турам, бирок өзүңүздү таштабаңыз. Мен сизге биринчи кезекте неврологго кайрылууну сунуштайм. Ал сизди көрүп, медикаментоздук дарылоо керек же керек эместигин айтат. Андан тышкары психологго да кайрылышыңыз керек. Психолог өзүңө болгон ишенимди пайда кылып, коркуу, ачуулануу, капа болуу сезимдери менен иштөөгө жардам берет.

Кекечтенүү бул речтин темп-ритмикалык бузулушу. Анда адам тыбыштарды же муундарды улам-улам кайталап, ортодон көп пауза жасайт. Себеби дем алуу жана сүйлөө аппаратындагы тийиштүү булчуңдар карышып (спазм, судороги) калат.

Кекечтенүүгө адамдар адатта катуу чоочуганда, стресске кабылаганда туш болушат. Кекечтенүү тукум кууйт. Логопед анын түрү, формасы жана татаалдыгына жараша иш алып барат.

Ошондуктан мүмкүн болушунча эртерээк адистерге кайрылыңыз.

Ийгилик!

Башкы беттеги сүрөт, интернеттен алынды.

Логопеддин башка суроого жообун бул жерден окусаңыз болот:

“Р” тамгасына эмгиче тилим келбейт, эмне кылышым керек? Логопед кеңеш берет

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт