// //

Кайын энем "балам жокто, ким менен жатып келдиң" дейт

2020.05.26, 12:13
16950

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

"Өлүгүмдү көргүсү келгенин көп айтат"

Жоолукту эптеп салбады. Мойнума илип коюп басып кетти. Абысыным көшөгөгө жетелеп барып, май оозандырды. Күйөөм шорпо, боорсок жана жаңы бышкан эттен үзүп келип берип курсагыма кам көрүп жатты. Кошуна кемпирлер  жоолук салып кетти. Кайын энем ошол бойдон жок.

“Өзүң келгенсиң! Уятсыз!”. Ар дайым ушинтет. Анан дагы уулуна татыксыз экенимди, өлүгүмдү көргүсү келгенин көп айтат. Жерге киргизе каргап-шилейт.

Базарга барып кечигип калсам, “балам жокто, ким менен жатып келдиң”,- дейт. Күйөөм жумуштан келгенде тымтыйып отуруп калат.

Күйөөмө сөз жок. “Жаку, баары жакшыбы?”- деп, көңүлүмө карап турат. Мындайда кайын энем жеп жиберчүдөй тиктейт. Ушул үйдө мени сүйүү гана кармап турат. Качып кетким келет. Бирок, күйөөм экөөбүздүн “эмне гана болбосун, бирге болобуз” деген убадабызды эстейм. 

“Камырыңдын калыңдыгы кантет? Өзүңдүн бетиңдей былтыят го. Жакшылап жай. Конок келер маал болуп калды”. Туугандарын чакырган. Сонун кылып дасторкон даярдадым. Баары бир жактырган жок. Ары-бери түртүп өтүп жатты. Акыркы күндөрү колу тийчү болду. Чаап жиберет, жулкулдатат же чымчып алат.

Сабырым түгөнүп баратканда, жетекчим “Чехияга командировкага барасың”,- деди. Сүйүнгөнүмдү айтпагыла. Дароо күйөөмө чалдым. Жумушума гүл көтөрүп жетип келди. Чогуу кафеге барып майрамдадык. Биринчи жолу чет жакка чыгышым. Үйгө кеч барсак, кайын энем уктабай күтүп отуруптур. Чыныларды сындарып, концерт койду.

“Самолетуң кулап түшсө экен, омийин”,- деп узатты. 

Эки айдан кийин артыман күйөөм келди. Бизден өткөн бактылуу киши жок.

“Апам, инсульт болуп калды” Таң эртең менен кайын агам чалды. Огородко кошунанын малы кирип, мөмө-жемиштерди тепселеп кетиптир. Кайын энем катуу бакырып жатып жүрөгү кармап жыгылыптыр. Бир тарабы толугу менен иштебей, сүйлөй албай калыптыр.

Карантин. Жол абык. Рейс ачылса эле айылга жөнөйбүз. Кайын энемди караганга киши жок. Кыздарына батпай үйгө келиптир. Азыр кайын агам жанында экен. Кечээ видеочалуу менен сүйлөштүк. Баягы каардуу көздөр жок. “Апа, жакшысызбы, жакында барабыз э” десем, башын акырын ийкеди. Көзү жашылданып кетти.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм экөөбүздү эки жыл баккан кайын агама ыраазымын

Күйөөм “менден балалуу боло албайсың, кетип эле кал” деп ыйлады

Кайын энемди көп сүйлөйт дешип жанына отургандан качышат

Эжем бай жерге турмушка чыккандан бери апам менен сүйлөшпөй калды

Кайын сиңдилүү болгондон коркуп, карындашы жок жигитке тием дечүмүн

Өч алгым келип жүргөн эски сүйгөнүмө арак көтөрүп келатып жолугуп калдым

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт