// //

Күйөөм эки жашар баламды бир жылдан бери бербей жатат

2020.05.26, 10:57
1332

Саламатсызбы! 23 жаштамын. Ажырашкам. Ортодо бир балабыз бар. Баланы кароо боюнча үй-бүлөнү коргоо бөлүмү график түзүп беришкен. Ошол келишимдин негизинде баламды атасы алып кеткен, 2019-жылдын 25-сентябрында, ошол бойдон бербей койду. Чалсам сүйлөштүрбөйт, үйүнө барсам бербейт. Мен анын үстүнөн арыз жазгам, бирок ушул убакка чейин маселе чечиле элек. Бизди соттук экспертизага Ош шаарына жиберди, бара элекпиз. Эмне үчүн билбейм, адвокатым артка жылдырып жатат. Эми кандай кылсам болот? Күйөөм баланы алып барбай койсо ишим каралабы? Адвокаттан баш тартып өзүм бүтүрсөм болобу? Облусттук же жогорку сотко кайрылсамбы? Бала энесинде болуш керекпи же атасындабы? Балам эки жаш он бир айлык. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
26.05.2020, 11:03

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Урматтуу окурман! КРнын Үй-бүлө Кодексинин 66-беренесинин 1-бөлүмүндө "Өздөрүнүн балдарына карата ата-энелер бирдей укукка ээ жана бирдей милдетти (ата-энелердин укуктарын) аркалашат" деп көрсөтүлгөн. Демек, силердин  укугуңар бирдей жана ал баланы өз билемдик менен эч бир себепсиз эле көрсөтпөй же бербей коюга укугу жок.

Ошондой эле сурооңузга кенинирээк жооп берүү үчүн сизден бир канча суроолорго жооп алуу керек болот. Тактап айтканда сотко эмне деп кайрылдыңар? Эмнеге, ким жана кандай экспртизага силерди жиберди? Арызды кимге жаздыңар эле?

Биздин практика боюнча, мындай иштер соттук тартипте каралуусу керек жана соттук териштирүүлөр эки айдын тегерегинде каралып чечилет. 

Бул жерден юристтин башка суроолорго жоопторун окусаңыз болот:

Биринчи ЗАГСты кыркпай туруп, экинчисин алса болобу?

Кайын атам үйдү баласына эмес, небереме жаздырам дейт

Кайын-журтум кызымды алып калып, мени үйдөн кууп чыкты

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт