// //

ЖРТдан өтпөй калсам, гинеколог боло аламбы?

2020.05.26, 10:27
1132

Мен быйыл бүтүрүүчүмүн. Кичинемден баштап гинеколог болгум келет. Эгер ЖРТдан өтпөй калсам, колледжке тапшырып гинеколог болсом болобу? 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
26.05.2020, 10:30

КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Саламатсызбы! Албетте, болот. Эгер жалпы республикалык тесттен жетиштүү упай топтой албай калсаңыз, Бишкек шаарындагы медициналык колледжке арыз тапшырсаңыз болот. Бул окуу жайга ЖРТнын кереги жок, өздөрүнүн тестин тапшырасыз. Колледж орто кесиптик деңгээлдеги медициналык адистерди бюджеттик жана келишимдик негизде окутат. Ички тесттин жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган талапкерлер бюджетке өтөт.  

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт