Сперманын сапатын жакшыртуу үчүн кандай дарыларды ичүү керек?
Саламатсызбы! Кандай дарыларды ичип, сперманын сапатын жакшыртып, күчтүү кылса болот?
Азат Бейшенов
“Кортекс” клиникасынын адиси, уролог
Саламатсызбы! Дарылар бар, бирок алгач сапаты эмне үчүн начарлап жатат себебин билүү керек. Айталы, эркекте пролактин көп, тестостерон аз болсо, гормондордн терс таасири астында сперманын сапаты бузула баштайт. Мындай учурда уруктун сапатын жакшырта турган дарыны күнүнө 50 таблеткадан ичсең дагы жардам бербейт. Ошон үчүн биринчи урологго кайрылып, кеңеш алып, текшерүүдөн өтүп, себебин аныктап алуу зарыл. Анан дары ичиш керек.
Ошондо жыйынтык болот.
Бул жерден урологдун башка суроолоруна болгон жоопторду окуй аласыз:
Уреаплазма болгондо кайсы дарыны ичиш керек? Уролог жооп берет
Мен “сиагра” дарысын колдоном, ден соолукка зыяны тийбейби? Уролог жооп берет