// //

Аялым канча десе, ошончо балалуу болорумду айтсам досторум каткырышты

2020.05.23, 12:51
5993

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

"Апам ооруп калса атам ызырынат"

Сегиз бир тууганбыз. Азыр баарыбыз очор-бачар болуп калганбыз. Кичинекей сары кемпир биздей килтейген балдарды төрөгөнүнө эч ким ишенбейт.

Раматылык апам алтымыштын кырын ашып калганда каза болду. Кыска бойлуу, арык, өңү боппоз, илмийген аял эле. Тиштери эбак түшүп калган, чачы да бирин-серин. Көп ооручу. Ананчы, дарыгерлердин сөзүн укпай атамдын айтканы менен болуп төрөй берди.

“Мен көп балалуу болушум керек!” Качан болбосун атам ушинтип сүйлөнүп басып жүрөт. Балдарын кыйратып бакса бир жөн. Бирибиздин эскибизди кийип, курулдаган курсак менен чоңойдук. Апам ооруп калса жаман көрөт. “Токол алам!” деп ызырынат.

Башка бир туугандарымды билбейм, апама өзгөчө жан тартаар элем. Кочуштап дары ичет, ийне ала берип жамбашынын соо жери калган эмес. Апам төрөгөндө ар дайым үйүбүзгө бир медайым келип, “эже каныңыз аз, сизге төрөгөнгө болбойт”,-деп урушуп кетет. Эмнеге атам апама төрөгөнгө болбойт экенин түшүнбөйт деп ойлончумун.

Мен үчүн атам апамдын денесин ижарага алгандай эле сезилчү. 

Учурда бойтойгон баланын атасымын. Апасын жаныман артык көрөм.

Классташ балдар менен жолугуп бир жерге отурдук. Көптөн бери көрүшө элекпиз.

- Жоки, сенин канча балаң бар?

- Бир.

- Дагы канча балалуу болгуң келет.

- Аны аялым чечет.

Каткырып күлүштү. 

Канча балалуу болорубузду аялым чечиши керек деп ойлойм. Анткени, баланы мен эмес ал көтөрөт. Дене аныкы, меники эмес. Өзүмдүн каалоолорумду орундатуу үчүн ден соолугун тобокел кылбайм. Чогуу отуруп сүйлөшүп, бир пикирге келебиз, эгер дагы балалуу болууга даяр болсо, албетте сүйүнөм. Апамдын ден соолугуна кам көрбөгөн атамдай адам болгум келбейт.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм экөөбүздү эки жыл баккан кайын агама ыраазымын

Күйөөм “менден балалуу боло албайсың, кетип эле кал” деп ыйлады

Кайын энемди көп сүйлөйт дешип жанына отургандан качышат

Эжем бай жерге турмушка чыккандан бери апам менен сүйлөшпөй калды

Кайын сиңдилүү болгондон коркуп, карындашы жок жигитке тием дечүмүн

Өч алгым келип жүргөн эски сүйгөнүмө арак көтөрүп келатып жолугуп калдым

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт