// //

Чоң энеси он айынан баккан баламды кантип өзүмө алсам болот?

2020.05.23, 11:35
1552

Саламатсызбы! Менин көйгөйүмдү чечип берүүңөрдү өтүнөм. Азыркы учурда экинчи турмуштамын. Менин арманым биринчи турмушумдагы уулумду колума алгым келет. Ал атасында, чоң энеси 10 айынан баштап баккан. Эми сотко берсем кандай болот? Баламды мени менен сүйлөштүрүшпөйт. Кантсем экен?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
23.05.2020, 11:40

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Урматтуу окурман!  Бүгүнкү күндө сиз энелик укугуңуздан ажыратылган эмессиз. Ошондуктан, балаңыз атасы менен жашаган күндө дагы, балаңызды көрүп, тарбиясына катышып, катташып турууга укуктуусуз. Бул үчүн биринчи ал тарап менне келишүүгө аракет кылып көрүшүңүз керек.

Эгер келишүү мүмкүн эмес болсо, балаңыз жашаган аймактагы, КРнын Эмгек жана социалдык министрлигине караштуу балдарды коргоо боюнча бөлүмдөргө арыз менен кайрыласыз. Ал жердин адистери бала менен эненин көрүшүп туруу укугу бар экенин жолдошуңузга жана  жакындарына түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Эгер алар түшүнбөсө, сиздин арызга сотко кайрылуу керектигин айтып жооп берет. Ошол жооптун негизинде сотко кайрыласыз.

Сотко баланын жашоо ордун белгилеп берүү жөнүндө же бала менен жолугушуп туруу боюнча график түзүү менен кайрылсаңыз болот. Бала көптөн бери тигил жакта жашап, аларга көнүп калган болсо, сот бул жагдайларды дагы эске алат жана баланын жашоо ордун сиз менен белгилеп бербей коюушу мүмкүн. Ошондуктан жагдайга карап, жолугушуп турууга график сурап дагы кайрылсаңыз болот. Сот бала менен жолгушуп туруубоюнча күндөрүн, сааттарын белгилеп көрсөтүп берет.

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт