// //

Кош бойлуу кылып таштап кеткен күйөөмдөн алимент өндүрө аламбы?

2020.05.23, 11:12
1980

Саламатсызбы! Менин биринчи жолдошумдан эки балам бар. Балдар толук үй-бүлөдө чоңойсун деп ичпеген, чылым чекпеген, ажыга барган мырзага турмушка чыкканмын. Батирде жашап жаттык. Эки ай убакыт өткөн соң боюмда болуп калды, сактанганыма карабай. Ошол маалда ал биринчи аялы менен жашап жатканын билдим. Болбосо үйгө туугандарымдын алдынан ажырашканмын деп расмий келишип алып кетишкен эле. Уруш көп боло баштады, өзүм тийген соң баарына чыдаймын деп кандай гана сөз айтпасын унчукпадым. Экинчи аял болуп тийгенимди түшүндүм.

Мен иштечүмүн, батирдин акчасына келгенде эле кабагы бүркөлүп, мүнөзүн көрсөтө турган болду. Алып келген ар бир нерсесин милдеттенет. Азыркы пандемияга байланыштуу иштебей калдым. Батирдин акчасы эки айдыкы бериле элек эле. Өзү жакшы жерде иштейт, карантинге карабай иштеп жатты. Абдан битир мырза экенин түшүндүм. Көңүлүм калды, себепсиз уят сөздөр менен сөгүп, балдарымдын жүрөгүн ала турган болду. Үй ээси батирдин акчасын сурап, үйгө баттан келе баштады. Жолдошума айтсам "акчам жок сен иштеп турсаң болмок" деди.

Бир күн жок эле нерсеге уруш чыгарып мени каттуу уруп үйдөн чыгып кетти. Ошол бойдон 10 күн келген жок. Жумушум жок, эки жаш балам менен, беш айлык боюмдагы перзент менен отуруп калдым. Жолдошум таптакыр байланышты үздү. Себеп акчага таккалганын түшүндүм. Азыр абдан оор акыбалда турамын. Менин суроом, боюмдагы баланы төрөгөн соң алиментке тапшыра аламбы? Паспортун көргөн эмесмин, жашаган жерин билем, үйү, машинасы, айлык маянасы жакшы. Кандай жолдору бар алиментке тапшырууга? Кандай документтерди чогултуу керек? Ортобузда ЗАГС жок. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
23.05.2020, 11:16

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Урматтуу окурман! Албетте, алиментке тапшырууга болот. Биринчи кезекте аман-эсен көз жарып алууңузду каалайбыз. Бала төрөлгөндөн кийин жалгыз бой эне катары ага туулгандыгы тууралуу күбөлүк аласыз. Күбөлүктү алгандан кийин өзүңүз же күйөөңүз жашаган аймактагы сотко кайрылып, баланын аталыгын аныктоо жана алимент өндүрүү жөнүндө доо арыз тапшырасыз. Сот доо арызыңызды күйөөңүздүн катышуусу менен карап чыгат.

Паспорттун көрбөсөңүз дагы, аты-жөнүн берип менен дарегин көрсөтүп коесуз. Керектүү документтер тууралуу сураптырсыз: баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, паспортуңуздун көчүрмөсү, мүмкүн болсо жашаган жериңизден даректик тактама алып койсоңуз болот. Эгер күбөлөр болгон болсо, мисалы, ошол инсан менен чогуу жашаганыңызды тастыктай алган адамдар, алардын эки-үчөөнөн түшүнүк кат алып, документтерге кошуп доо арызга тиркеп коюңуз. Сот боло турган күнү алар дагы келип көрсөтмөлөрүн берип кетет.

Сотко кайрылууга мүмкүнчүлүгүңүз жок болсо, КРнын Юстиция министрлигинин аймактык кеңселерине кайрылсаңыз, калкка кепилденген юридикалык жардам көрсөтүү деген борборлор бар. Ошол борборлордун бир адисинен акысыз юридикалык жардам алаласыз.

Баланын аталыгын аныктоо боюнча мамлекеттик алым төлөө маселеси болуп калат. Сотко шартыңызды түшүндүрүп, мамлекетик алымдан бошотуп же мөөнөтүн узартып берүү тууралуу өтүнүч кат жазсаңыз, сот бул маселени дагы карап чыгат.  

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт