// //

Хламидиоз оорусунан жыл сайын 100 миллиондон ашык адам жабыркайт

2020.05.22, 14:08
3721

Хламидиоз – бул жыныстык катнаш аркылуу жугуучу инфекциялык оору. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык 2016-жылы 15тен 40 жашка чейинки аял менен эркектердин арасынан 126 миллион адам хламидиоз оорусунан жабыркагандыгы белгилүү болгон.

Бул илдет тууралуу дерматовенеролог, жогорку категориядагы дарыгер Айбек Асанов айтып берди.

Хламидиоз деген кандай оору?

Хламидиялык инфекция жыныстык жол аркылуу эң көп жугуучу оорулардын бири. Мындан көбүнчө жаштар, сексуалдык активдүү жаш курактагы эркектердин 51% , аялдардын 30-60% жабыркашат. Жаңыдан баш кошуп, балалуу болууну пландаштырган жубайлардын бирине тукумсуз, деген диагноз коюлат. Анын себеби хламидиоз болушу мүмкүн.

Анын белгилери кандай болот?

Симптомдору жана белгилери ар кандай болушу мүмкүн. Адатта, жыныстык катнаш арыкылуу жугуучу башка ооруларга окшош:

  • заара кылганда ачыштырат, ыңгайсыздык жаратат;
  • жыныстык органдардан жагымсыз жыттанган суюктук (выделение), бөлүнөт, кээде канайт, кычышат;
  • ичтин төмөн жагы оорутат.

Бирок эң коркунучтуусу, көбүнчө хламидиоз эч бир симптомдору жок өрчүйт. Адам көп жылдар бою ооруганын жана бул ооруну жыныстык өнөктөштөрүнө жугузуп жатканын билбей жүрө берет.

Хламидиоз оорусу кантип аныкталат?

Жогоруда айтылгандай, хламидиоздун симптомдору гонорея, трихомониаз, уреаплазмоз сыяктуу башка жыныстык оорулардыкына окшош. Ошондуктан адам өзү аны эч убакта биле албайт. Хламидиозду аныктоо үчүн анализ тапшырылып, тиешелүү лабараториядан изилденет. Ошолордун негизинде дарыгер диагноз коюп, дарыларды жазып берет.

Канча күн дарылануу керек?

Дарттын кайсы стадияга келип калганынан көз каранды. Дарылануунун минималдуу курсу 21 күнгө созулат. Мында жыныстык өнөктөштөр бирге дарылануусу керек. Болбосо бири-бирине кайрадан жугуза беришет.

Өз убагында ооруну аныктап, туура диагноз коюлуп, туура дарыланса, бул илдеттен 100% айыгып кетүү мүмкүн.

Дарыланбай койсо эмне болот?

Мен жогоруда айткандай эң коркунучтуусу тукумсуздук. Эркектер балалуу боло албайт. Аялдардын боюна бүтпөйт, бүтсө да улам түшуп кала берет. Же болбосо бала тубаса кемтиктери менен төрөлөт.

Хламидиоз өнөкөт ооруга айланса синдром Рейтера дегенге алып келиши мүмкүн. Муундар, табарсык органдар жана көздүн ичиндеги чел кабыгы (сетчатка глаза) жабыркайт.

Бул инфекциядан кантип коргонсо болот?

90%да хламидиоз корголбогон жыныстык катнаш аркылуу жугат. Ошондуктан:

  • туш келди жыныстык катнаштардан баш тарткыла;
  • ар дайым презерватив колдонгула;
  • сексуалдык ден соолук тууралуу ишенимдүү булактардан маалымат алгыла;
  • оору жугузуп алуу кокустугу пайда болоор замат дароо доктурга кайрылып, тиешелүү анализдерди тапшыргыла.

Эсиңизде болсун, ар бирибиз жыныстык катнаш аркылуу жугуучу инфекцияларды жугузуп алышыбыз мүмкүн. Бирок бул тууралуу туура жана ишенимдүү маалыматты билүү, көптөгөн опурталдуу кадамдардан сактап калат. Мындай маалымат өзгөчө өспүрүм балдарга зарыл.

Туура колдонулган презервативдер жыныстык катнаш аркылуу жугуучу оорулардан жана АИВ (ВИЧ) инфекциясынан коргой турган эң ишенимдүү каражат. Андан тышкары ал күтүлбөгөн кош бойлуулуктан да сактайт. Андыктан, презервативди ар дайым жана туура колдонуу керек.

Мындан тышкары, өзүңүз да, өнөктөшүңүз да жылына ар кандай жыныстык жол аркылуу жугуучу ооруларга бир-эки жолу анализ тапшырып, медициналык текшерүүдөн өтүп туруу маанилүү.

Өзүңүздүн жана өнөктөшүңүздүн ден соолугуна жоопкерчиликтүү мамиле кылгыла!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт