// //

Мага эркектин бары аракети жок, алсыз немелердей сезилет. Психологдун кеңеши

2020.05.22, 13:09
1274

Саламатсызбы. Психологдон кеңеш алайын дегем. Мен 29 жаштамын, жолдошум менен эки жолго түшкөнүбүзгө беш жылдан ашты. Ортобузда бир бала бар, ал 9га чыкты.

Ажырашкандан кийин, кайра турмуш курган жокмун, мен сүйлөшкөн эркектер аракети жок, тиричиликке тың эместей көрүнөт. Балам үчүн жолдошум менен кайра жарашсамбы деп ойлоном, бирок, кичине сүйлөшкөндө эле көңүлүм кала баштайт.

Өзүм эмгекчилмин. Жалгыз жүрүп үй алдым, баламды эч нерседен кем кылбай багып келе жатам. Иштеген ишим жакшы. Тандоомо акча да таасирин тийгизип жатабы дейм.

Ушул маселени чече албай жүрөм. Эмнеге акылым жетпей турат, билбейм. Мага кеңеш бергилечи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
22.05.2020, 13:10

Мария Самсонова

Психолог

Сиз өзүңүздү-өзүңүз жарга такап алдыңыз. Башка эркекти жандай албайсыз, күйөөңуздөн көңүлүңүз калган, жалгыз да калгыңыз келбейт.

Бала үчүн чыдап жашоо, бул жакшы идея деле эмес. Бала сиздин бактылуу же бактысыз экениңизди билбесе да сезет, жан дүйнөсү уйгу-туйгу болот. Жыл өткөн сайын бактысыз жашоодон ачуулуу, нааразы боло баштайсыз. Акыры билип-билбей жиниңизди баладан чыгарасыз. “Мен сени толук кандуу үй-бүлөдө чоңойсун деп, өз каалоомду жыйыштырып коюп, чыдап жашап келдим” – деген ой ичиңизден жейт.

Балдарга мындай курмандыктар керек эмес. Алар аны баалабайт-барктабайт. Балаңыз эстүү болсо өзүн өмүр бою күнөөлүү сезип өтөт (сизге керекпи ушу?), болбосо, мен сизди атам менен жаша деп кыйнаган эмесмин деши мүмкүн.

Жеке жашоону баланын алдына төшөп берүүнүн зарылчылыгы жок. Ал чоңоет кетет, өз жашоосу башталат. Өмүрлүк жарды тандаганда өзүңүз үчүн, сизге жакканы үчүн тандоо керек. Албетте баланын да комфортун эске алуу менен.

Мен сизге эки вариантты айтып бере алам:

  1. Мурунку күйөөңүзгө байланыштуу таарыныч жана көңүл калуу эмнеден улам пайда болгон? Бул суроону психолог менен бирге чечмелеп, талдап көрүңүз. Байланып калган түйүндөр чечилип, суроолорго жооп алгандан кийин, башка адам менен мамиле куруп, жашооңузду жаңы барактан баштай аласыз.
  2. Балким, сизде жалпысынан эле эркектер менен мамиле курууда көйгөй бар? Сиз ар дайым өзүңүзгө жана эркектерге өзүңүздүн канчалык деңгээлде күчтүү, эрктүү жана кыйын экениңизди көрсөткүңүз келип турат. Силерсиз деле оокатым өтө берет, деген формулировка менен жашайсыз? Бул тууралуу да ойлонуп, анализ жүргүзүп көрүңүз.

Мен сизге айткандарым, жаңылыштык да болушу мүмкүн. Сизди көрүп, сиз менен сүйлөшпөгөн соң кеңеш берүү кыйын болуп турат.

Бактылуу болуңуз!

Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот. 

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жактан псхологдун башка кеңештерин окусаңыз болот:

Апамдын каза болушуна атамдын салымы чоң. Кантип аны кечирем?

Жигитим менден 11 жаш улуу. Жаш айрымачылыгыбызкийин көйгөй жаратпайбы?

Эл алдына чыгып сүйлөгөндөн корком. Коркоктугумду кантип калтырам?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт