// //

"Мугалимдер бизден кечирим сурагыла". Акыркы коңгуроодогу боор эзген окуялар

2020.05.22, 11:49
4629

Bilesinbi.kg окурмандарынын башынан өткөн күлкүлүү окуялары менен бөлүшүүнү чечти. Бул ирет акыркы коңгуроону  эске салган баяндар менен тааныштырабыз. Эгер сизде дагы эсиңизде калган позитивдүү окуя бар болсо, бизге жөнөтүңүз. 

Мугалимдерди кечирим суратып

Акыркы коңгуроо. Микрофондун сүрү болот эмеспи. Сүйлөп жаткам. “Мугалимдер, ушуга чейин көңүлүңөрдү оорутсак кечирим сурайбыз”,-дегендин ордуна, толкунданып кетип “мугалимдер бизден кечирим сурагыла”,- деп салып жатпайынбы. _musevva_00

Свети жок отуруш

2017-жылы 25-майды 29уна жылдырып салышкан. Эмнеге 25инде болбой калды деп кечке ыйлаганыбыз эсимде. Андан кийин бүтүрүү кечесинде свет өчүп калган. Эптеп музыка коюп, эшикте бийлеп жатсак, жамгыр жаап кирген. Ошентип үйдө чырак менен отурганбыз. Таң атарына бир саат калганда свет күйгөн. Шашып бийлегенбиз. Ошентип бүтүрүү кечебиз өзгөчө болгон. nurizatalaibekovaaa

Жез кемпир

2015-жыл. Бүтүрүү кечеси. Өзүм такыр боюнууга кызыкпайм. Мектепке келсем кыздар жасанып жатыптыр. Бир дос кызым “кел, боенуп ал, камерага аппак, сулуу болуп чыгасың”,-деди. Кашымды, көзүмдү боедум, биринчи жолу “тональный крем” койдум. Түш болуп калды. Классташ балам “сен боенбосоң эле сулуу экенсиң”,-деди. Маани бербей күлүп койдум. Күзгү көтөрүп келип мага берди. Өзүмдү көрүп алып каткырдым: көзүмдү шыбап салыпмын, “тональный крем” бир жерде бар, бир жерде жок, кашыма сөз жок. Ошентип камерага сулуу болуп эмес, жез кемпир болуп түшкөм. aygansh97

Линейкада сөгүнгөн кыз

Акыркы коңгуроого арналган ырларыбызды айтып жатканбыз. Анан Зияда деген кызыбызга кезек келди. Ырын айтып жатып сүрдөп кетип, жарымына жеткенде микрофонду унутуп “бл...” деп сөгүнүп жиберди. Линейкада тургандардын баары күлгөнбүз. Азыр дагы эжейлерибиз “ырыңарды жакшылап жаттагыла, чыгып алып сөгүнбөй” деп айтып калышат экен. yammy663

Врач болгум келет

Биз бүтүп жатканда бир телерадио келип “келечекте ким болосуң” деп бутүрүүчүлөрдөн интервью алып жүрүшкөн. Линейка башталары менен журналист микрофонун,оператору камерасын көтөрүп алып, четинен сурай баштады. Биринчи классташ кызымдан сураганда “мен келечекте врач болгум келет” деди. Анан дароо мага миркофонду сунганда толкунданып кетип “мен дагы врач болгум келет” деп ооздон чыгып кетсе болобу.  Артымда турган классташ балам дагы эч нерсе таппай калгансып, врач болгусу келерин айтканда элдин баары токтоно албай каткырып күлүштү. Ошондо көз тийген окшойт, үчөөбүз тең врач болгон жокпуз. Бири бухгалтер, мен инженер, классташ балам прораб болуп кеттик. Эстеген сайын каткырабыз. offset312bishkek

Каза болгон апа сактаганда

2017-жылы окууну бүтүп жатканда концерт уюштурмакпыз. Бирок биздин класс тесттерге даярданып жүрө берип, концертти унутуп койгонбуз. Баарыбыз эми уят болобуз деп жатсак, 25-май күнү айылыбыздагы бир улуу апа каза болуп калды. Директорубуздун “концертти жөн эле койгула” деген сөзү бизге майдай жаккан. Ошентип кудай сактады. Болбосо ит болмокпуз же хит болмокпуз. artisbek_02

Өрттөнгөн формалар

2016-жылы Базар-Коргон районунда бүтүргөнбүз. Каадаланып окшош форма киебиз деп чыктык. Кыздардын баары базардагы бир эжеге барып тиктиргенбиз. Күндүзү “формаңар даяр, алып кеткиле” деп чалган. Эртең алабыз деп койдук. Кечинде жаңылыктардан Базар-Коргон районундагы Жаркынай базары өрттөнүп кеткенин айтышты. Ме сага, “настройдун” түшкөнүн айтпагыла. Форманын акчаларын берип койгонбуз. Башка алганга тыйынбыз калган жок. Айылда акча тартыш. Акыркы коңгуроо күнү класс жетекчибиздин 20 жылдыгы болуп мектебине кетип калды. Башка эже менен чыккыбыз келбей, уруш-талаш менен чыкканбыз. Бийлейли десек бир балабыз жок. Быйылкы бүтүрүүчүлөрдүн абалы кандай болуп жатты экен? Кайгырбагыла, инилерим, сиңдилерим. 10 жылдык, 20 жылдык дегендер бар буйруса. ul.an5127

Шиш така

2018-жылы 11-классты бүттүк. Кыздар узун юбка менен шиш така кие турган болдук. Мен өмүрү така кийип көргөн эмесмин. Акыркы коңгуроо. Райондон коноктор келип грамота тапшырып жаткан. Шиш така өтө эле бийик болчу. Грамота берип жаткан адамдын алдына жетерде бутум кайрылып кетип кулап түшкөм. Баары мени карап турушат. Уялганымдан бутума кеда кийип алгам. raimova_begim00

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

"Лошади, бараны, коровы и маленькие коровы", деп айткам. Мигранттардын окуялары

Күйөөм сийип алыпмын деп шымын кайра-кайра жыттаган. Үй-бүлөлүк күлкүлүу окуялар

Күйөөм экөөбүздү эки жыл баккан кайын агама ыраазымын

Күйөөм “менден балалуу боло албайсың, кетип эле кал” деп ыйлады

Кайын энемди көп сүйлөйт дешип жанына отургандан качышат

Эжем бай жерге турмушка чыккандан бери апам менен сүйлөшпөй калды

Кайын сиңдилүү болгондон коркуп, карындашы жок жигитке тием дечүмүн

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт