// //

Тогуз айлык балам отура элек. Эч нерсе болбойбу? Педиатр жооп берет

2020.05.21, 14:09
2224

Балам жети айлык болуп ара төрөлгөн. Азыр тогуз ай болуп калды, бирок дагы деле отура элек. Ара төрөлгөн балдар кеч отуруп, кеч жөрмөлөйбү?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
21.05.2020, 14:12

Елена Халитова

Педиатр

Саламатчылык. Көпчүлүк ара төрөлгөн балдар кадимкидей эле өнүгөт. Айрымдарында гана түрдүү көйгөйлөр жаралышы мүмкүн. Ара төрөлгөн баланын толук кандуу өнүгүүсү ата-энесинин ага кам көөрүүсүнөн, жана доктурдун айткандарына жоопкерчиликтүү мамиле кылуусунан көз каранды.

Педиатрлар жана невропатологдор баланын кандай өнүгүп жатканын аныктоо үчүн көптөгөн факторлорго көңүл бурушат. Бир гана “отура элек” деген көрсөткүч жетишсиз. Баланын өнүгүүсүн так аныктоо үчүн дарыгерлер комплекстүү текшеришет. Аны ата-эне өз алдынча үй шартында жасай алышпайт.

Эгер 9 айлык балаңыз төмөндө жазылгандардын бирин жасай элек болсо, сөзсүз педиатрга кайрылыңыз:

  1. бутуна тургузганда өз салмагын көтөрө албайт;
  2. артынан жөлөп турганда отура албайт;
  3. “ма-ма-ма”, “ба-ба-ба”, “да-да-да” деген үндөрдү чыгарбайт;
  4. колдору менен бир нерсени кармап, бир орундан экинчи орунга жылдыра албайт;
  5. өзүнүн атына реакция жасабайт;
  6. жакындарын тааныбайт;
  7. сиз бир нерсе, көрсөтүп же алаксытканда көңүл бурбайт;
  8. оюнчукту бир колунан экинчи колуна алып кармай албайт.

Эгер ара төрөлгөн бала жакшы каралса, анын физикалык, эмоционалдык өнүгүүсүнө көп көңүл бурулса, тиешелүү көнүгүүлөр, өнүктүрүүчү оюндар жасалса, бала тез эле жетилет.

1800гр салмак менен төрөлгөн балдар да физикалык жана психикалык жактан теңтуштарын кууп жетип, айрым учурларда ашып кетишет.

Балаңыздын ден соолугуна жоопкерчиликтүү мамиле кылыңыз.

Педиатр Елена Халитованы “Семья и здровье” клиникасынан тапсаңыз болот. Клиниканын телефон номери: 0312 910150; 0312 910160; 559 910153, дареги: Бишкек шаары, Сүйөркулов көчөсү 8/3 (Тыныстанов көчөсү менен кесилишет).

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Баланын ден соолугуна байланыштуу башка суроолорго жоопторду бул жактан окусаңыз болот:

Баланын эмгеги чоңураак экен деп жатышат. Балага зыяны жокпу?

Баламдын тамагы тез-тез эле ооруй берет. Эмне кылса болот? Педиатр жооп берет

Кызымдын кулагын тазалап жатып оорутуп алдым. Эмне кылышым керек?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт