Кошунабыз короосунда малдын баш-шыйрагын куйкалап иштейт. Бул мыйзамдуубу?
Саламатсызбы. Кошунабыз атайын каражаттары менен үйүндө малдын баш-шыйрагын куйкалайт. Андан келген куйканын, күйүктүн жыты жана үнү бизди тажатып бүттү. Эки жылдан бери жайдыр кыштыр ошол жыт менен дем алып келебиз.
Үйдөн ушундай иш менен алектенүү мыйзамдуубу? Кимге кайрылып токтотсок болот?
Эркингүл Шаршенбекова
Адвокат
Саламатчылык. Сиз кошунам тынчымды алып жатат, эртеден кечке баш шыйрак куйкалайт, деп, тескөөчү милицияга кайрылып, арыз жазыңыз. Андан кийин милициянын жообун алып, кайра жеке айыптоо тартибинде жашаган жериңизге караштуу сотко кайрылсаңыз болот.
Адвокат Эркингүл Шаршенбекованы инстаграмдагы @advokat_kg_erkingul баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.
Адвокаттын башка суроолорго жоопторун бул жактан окусаңыз болот:
Келинчегим мага айтпай туруп үйүбүздү сатып жиберген. Сотко кайрылсам болобу?
Апам үйдү өз наамына өткөргүсү келет, менин уруксатым жок өткөрө алабы?
Кайын атамдын үйүндө өгөй кайын агам турат. Үйүбүздү кантип өзүбүзго алсак болот?