// //

Жыныс мүчөм кыйшык, балалуу боло аламынбы? Уролог жооп берет

2020.05.20, 12:52
2290

Саламатсызбы. Менин да суроомо жооп алып берип коюңузчу. Мен 24 жаштамын, үйлөнө элекмин. Жыныс мүчөм кыйшык, балалуу боло аламынбы? Операция жолу менен калыбына келтирсе болобу? Бала кезимде сынып калган окшойт.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.05.2020, 12:54

Азат Бейшенов

“Кортекс” клиникасынын адиси, уролог

Саламатчылык. Алгач, эмне үчүн кыйшык болуп калды, себебин аныктоо зарыл. Эки варианты бар:

Биринчиси, сиз айткандай чындап эле сынган, кийин кыйшык бойдон бүтүп калган.

Экинчиси, пейрони деген оору болушу мүмкүн. Пейрони оорусу – эркектин жыныстык мүчөсүнүн кыйшык болуусу, айрым учурларда эрекция болгондо оорксунууну пайда кылат. Көбүнчө бой жетип калган эркектерде болот. Бүгүнкү күнгө чейин так себептери белгисиз, бирок урологдордун божомолдооруна ылайык травма, жаракат алуу (жыныстык катнаш учурунда деле болушу мүмкүн) – деп айтылат.

Так себеби белгилүү болгондон кийин операция кылыш керекпи же башка жолу менен дарыланса болобу, балалуу боло аламынбы деген суроолоруңузга жооп аласыз.

Ден соолукта болуңуз!

Азат Бейшенов менен @urologyazat_kg инстаграм баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бел суусу эрте түшкөн эркектерге пайдалуу маалымат

Жыныстык катнашты кантип узартса болот? Бел суусу эрте түшкөн эркектерге кеңеш

Аял үчүн жыныстык катнашсыз жашоо зыянбы? Сексолог айтып берет

Эркек көпкө чейин жыныстык катнашка барбаса эмне болот? Адистер айтып берет

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт