Ата-энем "кызга окуунун эмне кереги бар деп" жатышат
Саламатсызбы! Ата-энем экөө тең намаз окушат. Билим алайын десем, "окуунун эмне кереги бар, кыздын барар жери күйөө" деп жатышат. Мен окугум келет. Эмне кылсам болот?
Кадыр Маликов
Теолог
Ар бир адам баласы ал эркек болсун, же аял болсун илим алууда эч кандай айырмачылыгы жок. Эгерде кыз билим алгысы келип, өзүн өркүндөтүүнү кааласа, анда бул нерсеге мүмкүнчүлүк бериши керек. Куранда “Билим алуу үчүн изденүү ар бир мусулмандын милдети” деп айтылган. Ал эми Пайгамбарыбыз (с.а.в) “Билим кайда гана болбосун аны издегиле” деген. Демек, кыз киши дагы билим алууга укуктуу.
Бул жерден теологдун башка суроолорго болгон жоопторун окуй аласыз:
Орозодо эмне кылса болот жана болбойт? Теолог Кадыр Маликов жооп берет
Саарлыкта ооз жаппай калса эмне болот?
Орозо кармагандар үчүн: эмнелерге уруксат берилет жана тыюу салынат