ЖРТдан бир кошумча сабак тандагам. Дагы бирөөнү кантип коштурсам болот?
Саламатсызбы! ЖРТга мектепте регистрация болуп жаткан учурда негизги тесттен тышкары кошумча сабактан бирди тандаган элем. Дагы бир сабакты кантип коштурсам болот?
Чынара Батракеева
Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун өкүлү
Саламатсызбы! 20 же 23-июнда тест өтө турган мектепте же атайын жерлерде кошумча каттоо болот. Эгерде материал жетиштүү болсо, администраторлорго айтып тапшыра аласыз. Бул үчүн квитанцияны алып барыш керек.
Бул жерден ЖРТ тууралуу кошумча маалыматтарды окуй аласыз:
Армияга кызмат өтөп келгенден кийин ЖРТ тапшыра аламбы?
Жалпы республикалык тестирлөөгө кантип даярданса болот? Адис жооп берет
Былтыр ЖРТга катталып, бирок барбай калгам. Быйыл акча төлөбөй катышсам болобу?