// //

Баланын жүрөгү сокпой калып, аборт жасатууга аргасыз болдум, эми төрөй аламынбы?

2020.05.19, 12:20
1887

Турмушка чыкканыма бир жарым жыл болду. Төрт айлык кезинде ичимдеги баланын жүрөгү сокпой калды. Дарыгерлер чоң болуп калганы үчүн дары ичип, толгоо тартып түшүрүү керек дешти.

Андан бери жети ай өттү, дагы деле боюма бүтө элек. Биринчи баласын аборт жасатса төрөбөй калат деген чынбы? Кантип тезирээк төрөсөм болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.05.2020, 12:23

Раушан Джумагулова

“Эркай” клиникасынын адиси, акушер-гинеколог

Саламатчылык. Кандай болбосун аборт аялдын организмине, биринчи кезекте репродуктивдик системасына залалын тийгизет. Сиз гинеколог-эндокринологдун текшерүүсүнөн өтүшүңүз керек. Себеби бойдон алдыргандан кийин гормоналдык бузулуу (сбой) болушу мүмкүн. Аны дыкат изилдөөдөн кийин “корректировка” жасаса болот.

Көпчүлүк аялдар аборттон кийин качан кош бойлуулукту пландаштырса болот, деп сурашат. Бардыгы индивидуалдуу, анткени аялдын ден соолугунан организминин күчтүүлүгүнөн, бойдон алдыруу процесси кандай жүргөн, ушулардан көз каранды.

Тезирээк бойго бүтүрөм деп шашылуунун зарылчылыгы жок. Алгач көзөмөлдөн өтүп, жакшылап дарыланып, тиешелүү витаминдерди ичип, толугу менен реабилитациядан өтүңүз. Антпесе, экинчи кош бойлуулугуңуз да ийгиликсиз аякташы мүмкүн.  

Ден соолукта болуңуз!

Гинеколог Раушан Джумагулованы инстаграмдагы @erkai_clinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот. 

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден кош бойлуулук жөнүндө дагы окусаңыз болот:

Токсикоздун белгилери жана аны жеңилдетүү жолдору

Эклампсия деген эмне? Белиглери, себептери жана кесепети

Толгоо башталганын кантип билем? Кош бойлуу келиндер үчун шпаргалка

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт