Быйыл аскер институту кабыл алабы же жокпу? Документтеримди чогултуп койдум эле
Саламатсызбы. Быйыл колледжди бүтүрөм, аскер институтуна тапшырайын деп, докмуенттеримди чогулткам. “Военкоматтан” быйыл аскер институту кабыл албайт деген кат келди.
Ушул тууралуу билип бере аласызбы, чын эле кабыл алынбайбы? Кыргызстан кабыл албаса, Казактсандын аскер институтуна кантип тапшырсам болот?
Гүлзат Жарашева
Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын, пресс-кызматынын жетекчиси, полковник
Саламатчылык. Мен бул тууралуу Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттен тактадым: быйыл чет элдик аскер институттарына кабыл алуу жүрбөйт.
Учурда биздин аскер институтубуз экзамендерди кабыл алуу жана медициналык комиссиядан өткөрүү варианттарын карап жатат. Бардыгы дүйнөдөгү эпидемиялык абалдан көз каранды. Ошондуктан 100%га кабыл алынбайт, же кабыл алынат деп да жооп бере албай турабыз. Бир-эки айдын ичинде белгилүү болуп калат деген ойдобуз.
Бирок аскер институтун күтө бербеңиз. Мен сизге Республиканын башка жарандык окуу жайларына тапшыруу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз, деген кеңешимди берер элем.
Ийгилик!
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Аскерде кызмат өтөө тууралуу дагы маалыматты бул жерден окусаңыз болот:
Азыркы учурда аскерге алып кетеби же жылдырылабы? Полковник жооп берет