// //

Кайын энем экөөбүздүн ортобузда жүрүп, кичинекей кызым эки жүздүү болуп баратат

2020.05.18, 11:03
1400

Мен психологдун жардамына муктажмын. Биз кайын эне, кайын атабыз менен бир турабыз. Кызыбыз бар, экиге чыкты. Кызым катураак ыйлап калса, эле чоң энеси чуркап келип, мени урушуп, баланы алып кетип калат. Бул адаты жинимди келтирет.

Кайын агамдын балдарына да ушинтип болуша берип, алар азыр сөз укпаган, акылы жок балдар болуп бара жатышат. Мен өзүмдүн кызымдын андай болушун каалабайм.

Негизи, атасы экөөбүз тең аны катуу кармайбыз. Энеси жанында жок болсо эле жакшы жүрөт. Ал келди дегиче болду, жөнү жок чаңырып ыйлап, эркелей баштайт. Экиге чыкса деле эмгиче сием дегенди билбейт. Сийип койсо, энеси келип “жакшы кылыпсың” деп кайра ага болушат. Мен анын айткандарын такыр түшүнбөйм, түшүнгүм да келбейт.

Кызыма бир тараптуу, жакшылап тарбия бергим келет. Тооба кылам, кызым эмитеден эки жүздүү болуп баратат.

Кайын энең менен сүйлөш деп кеңеш берсеңер, адашасыңар. Анын түшүнөйүн деген түрү да жок.

Эмне кылышым керек?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
18.05.2020, 11:05

Карлыгаш Акимкулова

Психолог

Саламатсызбы. Ата-эненин милдети - балдарына тарбия берүү, чоң ата-чоң эненин милдети – неберелерин эркелетүү. Бул чечилгис конфликт, ал ар дайым болгон, жана боло берет.

Чоң эне небересин жакшы көрүшү керек, бирок ал баланын апасын да сыйлай билиши зарыл. Кантсе да, чоң энелер көбүрөөк жашап калышкан, бир аз эстүрөөк болууга тийиш. Чоң апа, чоң аталар өз балдарына мыкты ата-эне болууга мүмкүнчүлүк берип, көмөктөшкөнү жакшы. Неберелер кийин өз ата-энесин сыйлашы керек да.

Баланын ата-энеси менен кошо тең тайлашып, алардын ордун, аброюн талашпашы керек. Ар биринин өз ролу бар. Ошондуктан ата-энеси айткан же үйрөтүп жаткан нерселерге каршы чыгышы, баланы эле кыйнап коет.

Сизге кыйын болуп жатканын жакшы түшүнүп турам. Азыркы тапта, башкы максатыңыз, кайын энеңиз менен мамилени, сый-урматты сактап калуу, ошол эле учурда, жеке позицияңды, көз карашыңды коргоп калуу. Аны менен урушуп, ага таарынуу жакшы натыйжага алып келбейт. Сиз аны өзгөртө албайсыз, ал калыптанып калган инсан.

Акырындык менен кызыңыздан сиз айткан нерселерди аткаруусун талап кылыңыз. Бирок мээрим жана сабырдуулук менен гана. Кайын энеңиз канчалык кийлигишпесин, кызыңыз үчүн сиз ар дайым “апа” бойдон каласыз. Эки жаштагы баланы өтө катуу кармоонун зарылчылыгы жок. Ал азыр эркелетүүгө, кучактоого, өбүүгө муктаж. Бирге ойноңуз, кээде тентек кылуусуна мүмкүнчүлүк бериңиз. Сиз аны канчалык жакшы көрөрүңүздү айтыңыз. Ошондо, кызыңыз өзү эле сиздин тилиңизди алат, өзү эле сизге жакын болот.

Ийгилик!

Карлыгаш Акимкулова менен инстаграмдагы @psihoanaliz_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Балага тарбия берүү тууралуу кызыктуу макалаларды бул жактан окусаңыз болот:

Уулум атасынын жок экенин билбесе экен деп, каалаган оюнчугун алып берем

Үч жаштагы балам чочосун кармай берет, кантип койдурам? Психологдун кеңеши

Ата-энем мигрант, таежем жини келгенде мени себепсиз эле уруп салчу

Жерге жата калып ыйлаган балдарга кыжырым келчү, эми өзүмдүн балам так ошондой

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт