// //

Күн тийбеген камерада отуруп "апа, акмак уулуңду кечир" деп ыйладым

2020.05.17, 14:22
3312

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

"Күн тийбеген камерада отуруп эсиме келдим"

Ата-энемдин кырктан ашып калганда тапкан жалгыз уулумун. Ары айтсаң да, бери айтсаң да укпаган жеткен кежирмин. Ананчы, эл ичпегенди ичип, кийбегенди кийип чоңойдум. Он бир жашымда атам каза болду. Апам экөөбүз жалгыз калдык. Ошондо деле эсиме келген жокмун. Тентектигимдин айынан мектептен канча ирет куулдум дейсиңер. Байкуш апам директорлордун кабинетинен чыкчу эмес.

Эс тарта баштагандан кийин үйгө түнөбөй калдым. Апам ар түнү мени издеп чыгат.

Атам өлгөндөн кийин карыздарыбыз көбөйүп үйдү саттык. Калган акчасына кепедей эки бөлмөлүү времянка алдык. Апам жалгыз уйубузду саап көчө кыдырып сүт сата баштады. Баладай болуп жардам бергенге жарабадым. Кайра досторумдукундай кымбат кийим алып бер деп кыйнадым. Мендей баланын барынан жогу жакшы.

Апам топтоп жүргөн акчасын чөнтөгүмө салып шаарга окууга жөнөттү. Кудай буйруп өтүп кеттим. Жатаканага чыктым. Өзүмө окшош досторду таптым. Күн алыс айылга телефон чалып апаман акча сурачу болдум. Албетте, сабагыма керек экенин айтып алдадым. Апам бечера айласы кеткенде баягы уйун да сатты.

Айылга барып кабар алмак түгүл, туулган күнүн куттуктаганга жарабадым.

Акыры түрмөгө түшүп тындым. Эки жылга соттолдум. Күн тийбеген камерада отуруп эсиме келдим.

Эч ким тосуп алган жок. Баягы досторумдун бирөөсү келип койгонго жарабады. Такси алып, айылга жөнөдүм. Жеттим. Терең дем алдым. Жөтөлүп кеттим. Бет аарычымды алып чыгып оозумду аарчыдым. Кан.

Апам отко чай кайнатып ойлуу отуруптур. Басканы жайлап, карып калыптыр. “Апааа!” “Садагаң болоюн, садагаң болоюн”,-деп, жаныма жетип келди. Колунан өөп, чачынан сылап, “кечир, акмак уулуңду”,- деп, тизелеп алып буркурап ыйлап жаттым. Ушунча жылдан кийин эне баладай болуп отуруп чай ичтик.

Дарыгерлер өмүрүмдүн аз калганын айтышты. Эми, бар болгон убактымды кетирген каталарымды оңдогонго жумшайм.

Жашагым келет. Апамдын отко демдеген чайын ичип жүрө бергим келет. Бирок, баары кеч. Өзүм күнөөлүмүн. Апа, мени кечир. Сага татыктуу уул боло албадым.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим "ата-энеңе акча салба" деп айлыгымды алганга шашылат

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт