// //

Түндө күйөөм келип, ойношун эмес мени тандаганын айтты

2020.05.16, 13:12
5559

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

"Запасной аэродром” эмесмин"

“Жаман да болсо балдарыңдын атасы”, “ат айланып казыгын табат”, “бир аз күтүп турсаң кайтып келет”, “кечирбегенде кайда бармак элең”, “ал жок кантип жашайсың” ж.б. Бла-бла-бла. Куру кептер.

Эгер кино тартсак, сценарийи мындай болмок. Ал жыргап жүрө берет. Мен үйдө аны күтүп отурам: бир жыл, эки жыл, балким, он жыл. Эч кимге кереги жок болуп калганда үйгө келет. Мен чуркап чыгып тосуп алам. Анан бактылуу жашап калабыз. Күлө берип боорум эзилип калды.

Турмушка чыгып, удаасынан үчтү төрөдүм. Балдарым кичине болгонуна карабай, баарына жетишип жаттым. Күйөөмдүн жакасы аппак. Түрлөп тамак жасайм. Үй таптаза. Кайын-журтум менен сый мамиледемин. Ар дайым маанайым ачык. Өзүмө кам көрүүнү унутпайм. Мыкты, апа, мыкты жубай болгонго аракет кылып жаттым.

Бирок, күйөөмө бул нерсе жетишсиз болуптур.

Убакыт өтүп өзгөрө баштады. Жардам сурасам, “мен акча табам, калганы менен башым да оорубайт”,-деп басып кетет. Чуркап чыгып тосуп алсам учурашканга жарабайт. Жасаган тамактарымды мактабайт. Балдарыбыздын мектептеги ийгиликтерин айтсам, “мм” деп эле коет. Күйөөдөй болуп кам көрбөйт. Ачылып сүйлөшөйүн десем айткандарымды укпайт. Телефон чукулап эле отурат. Жадакалса, балдары менен иши жок.

Айлыгын алып келип столго ыргытып басып кетет.

Көп өтпөй бирөөсү бар экенин билдим. Кантип билгенимди айтпай эле коеюн. Кийимдерин чогултуп алып кетип калды. 

  • Өз апам: “кайтып келет, күт."
  • Кайын энем, “сенден таппаганды ал аялдан тапса керек да."
  • Курбаларым “эркектин баары эле ошондой, бир аз чыдап кой."

Кызыгы, эч ким анын туура эмес кылганын айткан жок. Эгер мен бирөө менен жүрүп кетсем, күйөөм мени кайтып келет күтүп отурат беле?

Мени сыйлабаган бирөө үчүн көз жашымды төккөн жокмун. Ден соолугумду, балдарымды ойлодум. 

Ажырашууга арыз жаздым. Мен өзүмдү сыйлайм, “запасной аэродром” эмесмин. Албетте, үй-бүлөмдүн бузулганына жаным кейит. Бирок, балдарды таштап, кайдагы бир сүйгөнүнө кеткен мен эмес. Өзүмдү күнөөлүү сезбейм. Анткени, мыкты жубай жана эне болгонго аракет кылганымды билем. 

Түн. Эшик тыкылдады. Ачсам күйөөм. Тим эле сыр бербейт.

- Мен аны эмес сени тандадым.

- Анан.

- Анан эмне, сүйүнбөйсүңбү кайра.

Ой, боорум ай. Кайтып келди деп сүйүнүшүм керек экен. Ой, боорум ай. Соттон көрүшөрүбүздү айтып, эшикти жаап койдум.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим "ата-энеңе акча салба" деп айлыгымды алганга шашылат

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт