ОшМУдан Ала-Тоо университетине которулсам болобу? Адис жооп берет
Саламатсызбы. Учурда ОшМУнун дүйнөлүк тилдер факультетинин колледжинде окуйм. Окуумду Кыргыз-түрк Манас же Эл аралык Ала-Тоо университетинде улантсам болобу?
Кандай шарттары бар? Чет мамлекетте окуу мүмкүнчүлүктөрү барбы?
Эл аралык Ала-Тоо университетинин пресс-кызматы
Саламатчылык. Ооба, эгер тандаган багытыңыз боюнча окугуңуз келсе, анда Ала-Тоо университетинен окууңузду улантсаңыз болот. Биздин университетте англис тилине басым жасалат, ошондуктан сиздин тил билүү деңгээлиңизди текшеребиз. Билимиңиз жетишсиз болсо, бир жыл даярдоо курсунан өтүп, андан кийин окусаңыз болот.
Чет өлкөлүк окуу жайларга өтүү мүмкүнчүлүктөр да кеңири. Учурда 20дан ашык мамлекеттер менен кызматташабыз. Студенттерибизди жарым жылдык же бир жылдык окууга жиберип турабыз. Кызматташкан өлкөлөрдүн тизмесин биздин iaau.edu.kg сайтынан көрсөңүз болот.
Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.
Ала-Тоо университети тууралуу кошумча маалыматты бул жактан окусаңыз болот:
Кесип тандоо: Азыркы күндө юристтерге суроо-талап барбы?
Кантип англис тилин мыкты өздөштүрсөм болот? Англис тил мугалими айтып берет
ЖРТден балл жетишсиз болсо, кайсы окуу жайга тапшырса болот?