// //

Бойго бүтүрбөөчү дарылар зыян эмеспи? Алып ичкенден коркуп жатам

2020.05.15, 10:53
2458

Саламатсызбы. Сурайын дегеним, жолдошум азырынча бойго бүтүрбөөчү дары ичип тур деп жатат. Колумда жаш балам бар. Мен кайсынысын алыш керек экенин билбейм. Ден соолукка зыян келтиреби деп корком.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
15.05.2020, 10:53

Светлана Коздрович

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык. Адатта, оралдык контрацептивдик каражаттар аял төрөгөндөн кийин 6-12 айдан кийин жазылат. Дары жазып берерден мурун гинеколог бейтаптын организмин, ден соолугунун абалын, дене түзүлүшүн эске алат.

Андан тышкары оралдык контрацептивдерди кабыл алууга каршы көрсөтмөлөр болбоого тийиш. Мисалы:

  • жүрөк кан тамыр системасынын оорулары
  • кан уюу системасынын оорулары
  • тромбоз
  • инсульт
  • инфаркт
  • сүт бездеринин оорулары ж.б.

Бул оорулар менен жаыбркагандарга бойго бүтүрбөөчү дарылар жазылбайт.

Контрацептивдик каражаттардын терс эффектилери болушу мүмкүн. Бирок заманбап препараттарда андай көрүнүш сейрек кездешет. Кемчиликтерине салыштырмалуу артыкчылыктары көбүрөөк. Алар:

  • гормондорду калыбына келтирет
  • менструалдык циклдин узактыгын жана көлөмүн азайтат
  • этек кири учурундагы ооруксунууну басаңдатат
  • 3 жыл колдонулгандан кийин жатындын онкологиясын алдын алат ж.б.

Препараттарды өз алдынча алып ичүү өтө кооптуу. Сөзсүз гинекологго кайрылып, консультация алгандан кийин, ал сунуштаган дарыны гана алып ичичңиз.

Ден соолукта болуңуз.

Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти  инстаграмдагы  @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден кош бойлуулук боюнча башка маалыматтарды окусаңыз болот:

Кош бойлуулук календары (1-12 жума)

Кош бойлуумун аз-аздан кан кетип жатат. Коркунучу жокпу? Гинекологдун жообу

Жатыным эки ача экен, бойго бүтүүгө тоскоолдук болбойбу? Гинеколог жооп берет

18 жашымда дары менен бодйон түшүргөм, эми төрөй албаганым ошондонбу?

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
17.05.2020, 01:18

Иним насвай тартат кантип таштатса болот? Кимге каякка кайрылса болот ?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт