Жигитимди маданиятту деп жүрсөм, ашатып сөгүнөт экен. Көңүлүм калды
Менде мындай маселе болуп атат. Бир жигит менен сүйлөшөм. Ал менден улуу, экөөбүз бири-бирибизге “сиз” деп кайрылабыз, сылык сүйлөшөбүз
Жакында эле экөөбүз сүйлөшүп жатсак, телефону иштебей калды. Ал ойлосо керек, менин телефонум иштебей калды деп, анан ашатып сөгүнүп кирди. Угуп алып жаман болдум. Өзүнө айтсам, оозумдан чыгып кетти, деп актанды. Эми сүйлөшпөйм, десем, анда өлүп алам, деп жатат.
Эмне кылышты билбей калдым.
Мария Самсонова
Психолог
Саламатчылык. Мен сизге андай кыл же мындай кыл, деп айта албайм. Өзүңүз туура деп санагандай чечим кабыл алыңыз. Болгону бир нерсени түшүндүрүп коеюн. Эсиңизде болсун, ал эс тартып калган чоң киши. Сиз ал жигиттин өмүрү үчүн жооптуу эмессиз. Өз тагдырын өзү каалагандай калчай берсин.
“Өлүп алам” деген сөзү менен сизди башкарып, манипуляция кылып жатат. Ооба, бир караганда ал сиз үчүн керек болсо, өмүрү менен кош айтышканга даяр. Мындай кадам, абдан романтикалуудай сезилет.
Чынында, бардыгы башкача. Ал сизди сүйбөйт, ал өзүн сүйөт, ар дайым биринчи орунга коет. Жигитиңизди сиздин сезимдериңиз кызыктырбайт, өзүнө койгон максатына кандай болбосун жетүүнү каалайт.
Мына ушул сапаты, шек жаратат. Эмитеден эле ушундай ыкмалар менен максатына жетип жатса, кийин, кол көтөрүп багынтып, башкарып алгандан ары тартпайт.
Ийгилик!
Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жактан псхологдун башка кеңештерин окусаңыз болот:
Апамдын каза болушуна атамдын салымы чоң. Кантип аны кечирем?
Жигитим менден 11 жаш улуу. Жаш айрымачылыгыбызкийин көйгөй жаратпайбы?
Эл алдына чыгып сүйлөгөндөн корком. Коркоктугумду кантип калтырам?