// //

Токсикоздун дарысы болобу? Аябай кыйналып кеттим. Гинекологдун жообу

2020.05.13, 10:46
2705

Саламатсызбы. Силерден бир нерсени сурайын дегем, бир айлык боюмда бар. Тамака табитим жок, жегенимдин барын кусуп жатам. Ушуга дары ичип же укол алсам болобу? Токсикоздун дарысы болобу негизи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.05.2020, 10:51

Светлана Коздрович

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык. Кош бойлуулуктун эрте мөөнөтүндөгү токсикоз көп эле кездешет. Тилекке каршы, бул маселени сизди, анализдериңизди көрбөй туруп чечүү мүмкүн эмес.

Токсикозду жеңилдетүүчү атайын препараттар бар, аны гинеколог сизди текшерип, жүрөктү айлантып, кусууну пайда кылган себептерин аныктап, ден соолугуңуздун абалын эске алуу менен жазат.

Дарылык эмес каражаттардан “Жала-Абад”, “Боржоми”, “Ессентуки” сыяктуу минералдык суулар жардам бериши мүмкүн. Бирок ичээрден мурун жакшылап чайкап, газын чыгарып салуу керек.

Ошондой эле имбир чөбүнүн тамырын бир аздан сорсоңуз болот, же чай менен демдеп ичиңиз. Андан тышкары тамакты ысык эмес жылымык ичүү да бир аз жардам берет.

Аман-эсен көз жарып алыңыз!

Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти  инстаграмдагы  @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден кош бойлуулук боюнча башка маалыматтарды окусаңыз болот:

Кош бойлуулук календары (1-12 жума)

Кош бойлуумун аз-аздан кан кетип жатат. Коркунучу жокпу? Гинекологдун жообу

Жатыным эки ача экен, бойго бүтүүгө тоскоолдук болбойбу? Гинеколог жооп берет

18 жашымда дары менен бодйон түшүргөм, эми төрөй албаганым ошондонбу?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт