// //

Бош убакыты жок аталарга 4 кеңеш

2018.11.27, 15:27
1666

Балага чоочун болуп калбаш үчүн эмне кылуу керек?

Келээри-кечке жумуштасыз. Дээрлик балдарыңызды көрбөйсүз. Аталык ролуңузду аткара албай жатканыңыз үчүн өзүңүздү күнөөлүү сезесиз. Кабатыр болбоңуз. Бул кеңештерге кулак салыңыз. 

1. Балага жакын болуу үчүн көп убакыт керек эмес. Бир саатты да кызыктуу, көңүлдүү кылып өткөрсө болот. Болгону аталык тарбия берүүгө аракет кылбаңыз. Апаңыз же жубайыңыз “балага атанын тарбиясы керек” деп айтышы мүмкүн. Бирок, бала менен өткөргөн убакыт – пикир алышуу үчүн болсун.

Жашоосунда эмне болуп жатканына кызыгып көрүңүз. Күндөлүк же сабактарынан эмес, ал үчүн эмне маанилүү жана баалуу, мисалы, жаңы "Lego", машыгуулары, куурчагы, китеп, кино, достору. 

2. Күйөөсү көп иштеген үй-бүлөдө аял “балдарды уруша берип каардуу тергөөчү болуп калдым, сен болсо алар үчүн боорукерсиң” деп арызданат, атанын тарбия берүү иштерине тартылуусун каалайт.

Эскерте кетейин: балага тарбияны жашоо образыбыз, бири-бирибиз жана бирөөлөр менен түзгөн мамилебиз аркылуу беребиз.

Аял “баарын мен жасап жатам, а сен эч нерсе кылбайсың” деп даттанса эмне кылуу керек?

Чогуу жашооңор кечээ башталган эмес, келинчегиңиз төрөгөндөн кийин иштетпей балдар менен көбүрөөк болууга мүмкүндүк берет деп ойлогон. Ал эми мындай учурда апа атага караганда балдардын күнүмдүк жашоосуна көп убакыт бөлөт. Бул табигый көрүнүш. 

"Эртеден-кечке жумуштасың, а балдар атасыз чоңоюп жатат", - учурдагы абалы менен ыраазы болбогон аял күйөөсүн ушинтип жемелейт. Мүмкүн аялыңыз үйдө отургандан тажады. Чыр-чатакты өз-ара, балдарды пайдаланбастан чечкиле.

3. Балдарыңыз иштеген жериңизди, аткарган жумушуңузду билеби? Кээде өспүрүмдөрдөн атасынын жумушу жөнүндө эмне билээрин сурайм. Кызмат ордун эмес (аны оңой эле эстеп калышат), атасы жумушта эмне кылаарын. Бардык эле өспүрүмдөр атасы кантип акча таап жатканын билбейт.

Эртең менен костюмуңузду (же башка кийим) кийип, портфелиңизди алып, машинаны айдап каякадыр жоголуп кетесиз. Кечке чейин эмне кылдыңыз, эмне үчүн чарчап келесиз, балага таптакыр түшүнүксүз.

Өспүрүмдөр апасынын жумушу жөнүндө көбүрөөк билет. Айрыкча, энеси иштебесе балдарды мектепке, поликлиникага алып барат, мугалимдери менен сүйлөшөт, тамак жасап берет. Үй-бүлөнүн кызыкчылыгы үчүн иштеп жатканыңыз балага көрүнбөйт.

Мезгил-мезгили менен балаңызды жумушуңузга алып барыңыз, айрыкча, өспүрүмдөрдү. Аткарган милдеттериңизди айтып бериңиз. Кесиптештериңиз менен тааныштырыңыз - сиздин сыйлуу адам экениңизди көрсүн, үй-бүлөңүз жакшы жашашы үчүн эмне кылып жатканыңызды түшүнсүн.

4. Эми жакшы кабар. “Атам көп иштегенине карабастан, мага жакын болууга аракет кылчу, бул үчүн мен ага ыраазымын”, -деп эскерген адамдарды көп билем.

Демек, бала менен каалаган убакта мамиле түзсө болот. Кымбат болгон башка адамдар менен дагы.

Мисалы, көп убакыт бою балдарынын жашоосуна тартыла албай "менин милдетим матераилдык жактан камсыздоо",- деп гана ойлогон эркектер бар. Балага чыныгы, бекем мамиле менен гана жардам бере ала турчу бир убакыт келет. Өспүрүмдөрдүн орой мамилесинен, какшыгынан коркпогула! Чынчыл болуудан, алар менен сүйлөшүүдөн качпагыла! Жагымсыз маекке даяр туруңуз. Тил табышуу оор болсо да, чыдамдуу жана кайраттуу болуңуз.

Апалар үчүн

Бул текст аталарга, ошондуктан, апалар үчүн – кыскача эле айтам. Кымбаттуу, апалар! Күйөөңөр аталык ролун аткара албай жатканы үчүн өзүн күнөөлүү сезээрин билсеңер кана?!

Эгер күйөөңүз жакшы адам болсо, үй-бүлөнү камсыздоо үчүн бардык аракетин жумшап жатса, бирок, "идеалдуу ата тизмесинин" бир пунктун жасай албай жатса эч нерсе болбойт.  Балдары, үй-бүлөсү менен бирге болуунун жолун табууга жардам бериңиз. Мага ишенип койгула, ал дагы муну каалап жатат.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт