Аллергиянын айынан чүчкүрө берип кыйналып кеттим, эмне кылсам болот?
Саламатсызбы. Мен күндүз деле түнкүсун деле чүчкүрө берем. Көбүнчө эртең менен. Мурдум аябай кычышып, суу агат, көзүм ачышат. Доктурга көрүнүп анализ тапшыргам, дарыларды ичип, спрей колдонуп көрдүм. Ошолорду колдонуп жүргөндө жакшы болуп калам, кийин кайра эле кайталанат.
Барган сайын күчөп, жыт сезбей да калчу болдум. Кечкисин тамагым кычышып, жөтөлөм.
Эмне кылсам болот? Аябай кыйналып кеттим.
Эльмира Кудайбергенова
Аллерголог
Саламатсызбы. Сизде үйдөгү чаңга, жаздык, жууркандагы кенеге аллергия болушу мүмкүн, же болбосо “грибок” бар. Дагы бир ирет аллергоизилдөөдөн өтүп, дагы бир ирет дарыланып көрүшүңүз керек.
Башкы максат алергияны эмне козгоп жатканын аныктоо, колдон келишинче аны жок кылуу б.а. элиминирациялоо. Эгер аллерген аныкталса, анда спецификалуу иммунотерапия жүргүзүлөт.
Ал эми аллергенди жок кылуу мүмкүн эмес болсо, анда симтоматикалык дарылоо жазылат. Кайсы дарыларды ичүү керек экенин аллерголог айтып берет.
Ден соолукта болуңуз!
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.