// //

Кайын атам менен күйөөм мени коргоп кайын энемди кет дешти

2020.05.01, 14:39
10620

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

"Болду, кайын энем мени жок кылат дедим"

Баарыңарды рамазан айы менен куттуктайм. Жолдошум экөөбүз дагы жакшы ниет менен орозо кармадык.  Ар дайым ооз бекитип жатканда баштан өткөн күндөрдү эстеп күлүп калабыз. Бүгүн кеп кылган окуябызга туптуура жети жыл болуптур.

Жаңы келин болуп келгенде кайын энем бетиме карап да койгон жок. Мага угузуп уулун мени менен жашаткысы келбегенин айтат. Кайын энеме жагыш үчүн эмнелерди гана кылбадым: таң эрте туруп короо шыпырам, чай даярдайм, түрлөп тамак жасайм. Бирок, баары бир жаккан жокмун. Ойлосом, чыдамдуу экенмин. Эч нерсеге көңүл бурбай, жумушумду кылып жүрө бердим.

Күндөр өтүп боюмда бар экенин билдим. Күйөөм көзүмдү карап, “эмне жейсиң” деген сайын кайын энемдин ачуусу ого бетер күчөдү. Бул убакта кайын эжем сегиз айлык кызын бизге таштап Москвага кетти. Таттуу бөбөк мени аябай жакшы көрөт, түндө мени менен жатам деп жаңжал салат. Ошондо дагы кайын энемдин көнүлү жумшарбай койду.

Бир күнү үйдө суу май жок, тоң майга тамак жасадым. Кайын атам менен күйөөм даамдуу болгонун айтып, мактап ичишти. Кайын энем “курсагым ток” деп, кичинекей кызды кийинтип, кайын агамдан кабар алганы кетип калды.

Эки күндөн кийин абысынам чалып, “апам тамак иче албай ачка келдим деди”,- деп айтты. Угуп алып ыйладым. Небересин өз кызымдай карасам, кийим кием дебесем, той жасабаганы, калың бербегени тууралуу сөз кылбасам, эмнеге мындай мамиле жасайт. Оо кудай, кайын энеме эч нерсе жакпайт экен го. Кетип эле калсамбы? - деген ой келе баштады.

Жолдошум ойго батып жүргөнүмдү байкап эмне болгонун сурады. Эч нерсе айткан жокмун. Акыры жанымды койбой, чындыкты укту. Түнкү саат эки эле. Эшикке чыгып кетти. Бир короодо эки үй. Бирөөндө биз, экинчисинде кайын энемдер жашайт. Бир нерсе болуп кетпесин деп артынан чуркап чыктым.

Экинчи үйдүн эшигин сындырып кирип барыптыр. Кайын атам менен кайын энем алайып калышты. Болду, кайын энем мени жок кылат деп ойлодум.

Күйөөм апасына “кийимиңизди чогултуп, суу майдан тамак жасаган келиниңиздин үйүнө барып жашаңыз”,-деди. Кайдан айта койдум деп корктум. Күйөөмө жалдырап “жүр кетели, мен алдап койдум” десем да болбойт. Ошол маалда кайын атам “кышкы кийимдериң менен, небереңди кошо ала кет” десе болобу. Көрсө, кайын атам баарын байкап жүрүптүр. Ошол күндөн кийин кайын энемдин мамилеси өзгөрүп, жакшы кишиге айланды. Үйүбүзгө тынчтык орноп, жүзүбүзгө жылмаюу пайда болду.

Албетте, бул нерсеге эч качан сүйүнбөйм. Ал күндөр дагы өтүп кетти. Ошол сыноого чыдабай түйүнчөгүмдү түйүп кетип калганымда, азыр баламды атасыз өстүрүп жүрмөк элем. Баса, кайын энем азыр кайын агаларым үйлөнгөндө дагы башка кыз алып берем деп чыр салганын айтып каткырып күлүп калат. 

Жаман ойлобогула, жолдошум апасы үчүн жанын бергенге даяр. Болгону ал адилеттүүлүктү орнотту. Кайын атама сөз жок, сонун киши. Төркүнүмө кетсем, "качан келет, неберелерди алып келсин",- деп көп айтат экен. 

Эмне үчүн бул нерсенин баарын жазып жатам. Учурда кайын эне менен келиндин келишпестигинен улам ажырашуулар көп болуп жатат. Канчалаган балдар тирүүлөй жетим калууда. Айрым учурларда бир аз сабырдуу болуп койсок, жашообуз таттуу болот. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм экөөбүздү эки жыл баккан кайын агама ыраазымын

Күйөөм “менден балалуу боло албайсың, кетип эле кал” деп ыйлады

Кайын энемди көп сүйлөйт дешип жанына отургандан качышат

Эжем бай жерге турмушка чыккандан бери апам менен сүйлөшпөй калды

Кайын сиңдилүү болгондон коркуп, карындашы жок жигитке тием дечүмүн

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт