Жалпы республикалык тестирлөө онлайн болуп калышы мүмкүнбү?
Саламатсызбы! Быйыл жалпы республикалык тестирлөө качан болот? Онлайн болуп калышы мүмкүн деген чынбы?
Чынара Батракеева
Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун өкүлү
Саламатсызбы! ЖРТ быйыл өтөт, бирок кайсы убакытка чейин жылганын азырынча айта албайбыз, баары өлкөдөгү кырдаалга жараша болот. Онлайн түрүндө болот деп айтууга негиз жок, мурдагыдай эле форматта өтөт. Себеби онлайн түрүндө өткөрүүгө мүмкүнчүлүк жок, жабдуулар жетишсиз. Ал үчүн атайын программа түзүлүш керек болчу. Анын үстүнө биз ар бир окуучуну текшерип турушубуз керек. Мисалы, монитордун артында бала өзү отурабы-жокпу, интернет булагы ачык эмеспи, өз жөндөмүнө жараша болгон билими менен жооп берип жатабы деген суроолор пайда болот. Тактап айтканда, баланы көрүп, көзөмөлдөп тура албайбыз.