// //

Эмоционалдык интеллект деген эмне жана эмне үчүн ал абдан маанилүү

2018.11.26, 13:36
5358

"КТК" эл аралык борборунун аткаруучу директору, психология илиминин кандидаты Татьяна Киселева 13-ноябрда Бишкекте болуп өткөн "Келечектеги эмгек базарынын төрт дүйнөсү" жаштар форумунда эмоционалдык интеллект тууралуу айтып берди. Ал эмне экен деп кызыгып турсаңыз, жообун төмөндөн таба аласыз.

2006-жылы өткөн футбол боюнча дүйнө чемпионаты эсиңиздеби? Финалда алтын үчүн Италия жана Франция курама командалары ат салышкан эле. Тажрыйбалуу жана мыкты оюнчу Зинедин Зидан матчтын 7 мүнөтүндө пенальти киргизет. 12 мүнөттөн кийин италиялык Марко Матерацци эсепти теңдейт. Кошумча убакыт берилет. Дал ушул жерден эстен кеткис окуя болуп кетет. Жаш Марко Зиданга бир нерсе деп сүйлөйт, Зидан кармана албай төшүнө башы менен бир урат. Франция командасынын лидерин талаадан чыгарып салышат. Ошентип Франция жеңилип калат. Эгерде Зидан эмоцияга алдырбаса командасын жеңишке алып келет беле? Мүмкүн.

Эмоционалдык интеллект (ЭИ) – бул эмоцияда камтылган маалыматты иштеп чыгуу, маанисин аныктоо жана аны ой-жүгүрүү, чечим кабыл алуу үчүн колдонуу жөндөмдүүлүгү.

Эмоционалдык интеллект стресске каршы туруктуулукту жогорулатат

- ЭИ жогору адам өзүн стресске алдырбайт, койгон максатына тез жетет.

- ЭИ жогору адам кыйын кырдаалдарда туура чечим кабыл алат.

- ЭИ жогору адам  чечим кабыл алууда тышкы маалыматтардын таасирине аз кабылат.

Келиңиз эмоцияларды таанып биле аласызбы эже жокпу билип көрөлү.

1. 

2. 

3. 4. 

5. 

Туура жообу:

1. Боор оору

2. Кубануу

3. Оору

4. Жийиркенүү

5. Коркуу

Эмоционалдык интеллекти кантип өнүктүрсө болот?

1. Эмоциянын алфавитин үйрөнүңүз

- Эмоциялардан кабардар болуу үчүн күндөлүк ачыңыз. 

- Эмоцияларды таанып билүү алгоритмин колдонуңуз:

  • Эмоцияны атоо
  • Туюмдарды көзөмөлдөө
  • Аракеттерди көзөмөлдөө
  • Башкалардын иш-аракеттерине көңүл буруу.

- Башкалардын эмоцияларына көз салыңыз. Тигил же бул эмоцияны кантип тааныдыныз, жазып туруңуз.

2. Эмоциянын келип чыгуу себептерин аныктаңыз

Жалпы себептер:

- Каалаганына жете албоо, тоскоолдуктар, адилетсиздик, өзүңдүн чек араңды коргоо - АЧУУЛАНУУ.

- Каалаганына жетүү, ээлик кылуу - КУБАНУУ.

- Сырттан келген коркунуч - КОРКУУ.

- Жаңы маалымат алуу - КЫЗЫГУУ.

- Жоготуу, чыгаша болуу - КАЙГЫРУУ.

3. Эмоцияны, көйгөйдү жана жыйынтыкты салыштырыңыз

- Көйгөйлөрдү чечип, тийиштүү жыйынтыкка жетүүгө эмоцияларыңыз канчалык деңгээлде жардам берет байкаңыз. 

- Ишти пландаштырып жатканда эмоцияларыңыз менен маселени салыштырыңыз.

4. Эмоцияларды башкаруу үчүн эффективдүү стратегия тандап алыңыз

- Эмоцияларды пландаңыз! Иш-чаранын алдында кайсы эмоциялар сизге жардам берет жана башкалардан кандай сезим чакыргыңыз келет. Мисалы, жолугушуулар, келишимдер, эл алдына чыгып сүйлөө ж.б.

- Башкаруунун эффективдүү стартегиясын тандап алыңыз:

  • Көңүлдү башкага буруңуз (10 го чейин санаңыз)
  • Физикалык көнүгүүлөр
  • Психологиялык ыкмалар.

Эмоцияга алдырбаңыз! Эмоцияңызды башкарыңыз!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт