Күйөөм мени экинчи аял кылып алганын жашырып коюптур

2020.04.23, 12:05
834

Саламатсызбы! Мен жакында бир жигитке турмушка чыктым, бирок ал мурун эле үйлөнгөн экен. Үйлөнгөнгө чейин ал муну менден жашырып коюптур, баш кошкондон кийин аялы бар экенин билдим. Мен андан эмне үчүн башында чындыкты айткан жоксуз деп сурасам, анын жообу мени таң калтырды: "Сен сураган жоксуң, биринчи аялым бар экенин айтпай койгонум, жалпысынан алып караганда калп эмес.”

Биз нике кыйганбыз, бардык шарият эрежелери сакталган, өзү намаз окуйт, бирок биринчи аялын жашырып койгону жалган эмеспи? Шарият боюнча бул туурабы? Анын биринчи аялы дагы күйөөсү экинчи ирет үйлөнгөнүн билбейт экен. Биринчи аялды жашыруу туурабы? Шариат бул жөнүндө эмне дейт? Ортобуздагы нике жарактуубу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
23.04.2020, 12:13

Кадыр Маликов

Теолог

Хадистерге ылайык исламда мындай эреже бар: “Бардык иштер ниет менен.” Чынында кандай себептер болгонун же ал кишинин ниетин билбейбиз. Шарият боюнча ниетке карап туруп анан мамиле курулат. Менде каршы суроолор бар: Мындан кийин аны менен мыйзамдуу никеде жашоону улантасызбы? Махр төлөдү беле? Күйөөңүз толугу менен камсыздайбы? Ушул суроолорго болгон жооптон улам баары айкын болот.

Эгер сиз аны менен толук макул болбосоңуз, үйлөнбөгөн эркекке турмушка чыгып жатам деген башка ниет менен үй-бүлө курсаңыз, ал сизди алдап, жашырып койсо, анда албетте ажырашууну талап кылууга укугуңуз бар. Шарият эркекке төрт аял алууга чейин укук берсе дагы, эң негизгиси – максат. Максаты – напси менен жыныстык катнаш болгонбу же сизди камкордукка алуу, жардам берүү сыяктуу жакшылык кылуубу. Демек, баары ниетине жараша.

Ал эми жашырып жана айтпай койгону боюнча, шарият буга тыюу салат. Биринчи үй-бүлөнү бузуунун эсебинен жаңы үй-бүлө курууга болбойт. Балким, биринчи аялы бул тууралуу билгенден кийин ажырашууну талап кылышы мүмкүн. Бул жерде баары бүдөмүк. Ал киши шарият же исламды жамынып алып, чоң ката кетирди, бул күнөө болуп эсептелет, мындай кылууга болбойт. Себеби кудай чынында жүрөгүбүздө эмне бар экенин баарын билет, уятыңды жана кудайды алдап коюу мүмкүн эмес.

Шарият боюнча ким экинчи ирет үйлөнгүсү келсе, эркек алып жаткан аялына жана мурдагы жубайына үйлөнгөнүн, аял бар экенин айтышы керек, бул анын намысы жана милдети. Демек, эки аялы кимге турмушка чыгып жатканын, анын абалын билүүсү зарыл. Себеби алар тең камсыздалууга укуктуу, биринчи аялы кандай камсыздалса, экинчиси дагы ошондой болушу керек. Ал адам шариятты карманып, эки жүздүүлүк кылган. Бирок, өзүнө эле көйгөй жаратып алды. Бул жерде чынчылдык жана билим жетишпей жатат.

Шарият акыйкаттан курулат. Эгер сиз акыйкатсыз нерселер болуп жатканын сезсеңиз, ошол эле учурда шарияттын негиздери айтылып жатса, муну кайрадан текшерип чыгуу керек. Себеби, кудай акыйкаттын, тең укуктуулуктун, сыйдын негизинде баарыбызга мамиледеги туруктуулукту каалайт.

Ошондой эле куранда кудай “аял силер үчүн кийим, силер аял үчүн кийим” деп айтылат. Бул тең укуктуу, жакын, рухий, маданият жана билим деңгээлиндеги мамилени билдирет. Эң негизгиси булардын баары сүйүү жана  ишеним менен курулат, калп айтуу же жашыруу менен эмес.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окуй аласыз:

Бактияр ажы: Эркек аялына "мен сени багып, кийинтип жатам" дебеш керек

Үй-бүлөлүк жашоодо бактылуу болуу үчүн буларды жасоо керек. 7 кеңеш

Үй-бүлө: Нике жана “талак”

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт