// //

Бир да жолу эрте туруп кайын энеме чай даярдап берген жокмун

2020.04.19, 16:39
3778

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

"Кайын энем кирлеримди жууп коет"

Эмнегедир бай бирөөгө тийсем экен деп тиленчү эмесмин. Мени жакшы көргөн, өз кызындай мамиле жасаган, жеке оюмду сыйлаган жерге келин болуп баргым келчү. 

Жолдошум карапайым үй-бүлөнүн кичүү баласы. Айдоочу болуп иштейт. Базардан азык-түлүк алып чыгып баратсам, бирөө “чоң кыз, такси керек эмеспи”,-деди. Үйгө маршрутка менен деле жетип алмакмын. Билбейм эмнеге, бирок макул болдум. Жупуну кийинген жигиттин көздөрү башкача эле.

Жолугушууга эч качан кур келбейт. Ар дайым жакшы көргөн шоколадымды, сникерс көтөрүп алат. Анан экөөбүз дарбазамдын түбүндө сүйлөшүп отура беребиз.

Менде келинге окшоп эрте туруу деген жок. Кайын энем өзү таң атпай ойгонуп, чайын ичип, жумушуна кетип калат. Бир жолу уялганымдан эрте туруп чай даярдайын деп жатсам, кайын энем “экинчи антпей эле кой, түнү менен бала карап уктабай чыгасың, өзүм эле ичип кетем”,-деп аябай сүйүнткөн.

Келгенден бери кайын энемден катуу сөз укпадым. Колумдан келбеген нерселерди үйрөтүп, окуумду бүтүртүп, мектептеги таанышына бир кой берип, мугалим кылып жумушка орнотуп койду. Өзү соода менен алектенет. Товарга барганда үстүмө кийим ала келет. Ушул убакка чейин базарга түшө элекмин. Баса, жумушта кармалып калсам, кирлеримди жууп жайып коет.

Кайын энемдин бир туугандары да алтындай адамдар. Үйгө келген сайын балдарыма гана эмес, мага да бир нерсе көтөрүп алышат. Ар дайым күйөөмө “аялыңды сыйла, биз муну жакшы көрөбүз” ,-деп айтышат. Үйлөрүнө барып калсам келиндей болуп кызмат кылбай, кызындай болуп эркелеп келем.

Колумду сууга тийгизбей, баары бөпөлөп турушат.

Күйөөм ар бир ишти менен менен кеңешип, оюмду сурап анан бир чечим жасайт. Романтик эмес, гүл сунуп, белек бергенди билбейт. Бирок, уктасам үстүмдү жаап, оорусам “фирменный” шорпосун жасап берет. Көздөрүнөн катуу сүйөөрүн билем. Анын жанында өзүмдү коопсуз сезем, эртеңки күнүмдөн коркпойм.

Мына карагылачы, кандай гана бактылуумун деп мактанайын деген оюм жок. Болгону, адамга жөнөкөй гана нерселер керек экенин айткым келди. Ошондуктан, "бай эмес, бактылуу болоюн" деп тилек кылгыла.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын сиңдилүү болгондон коркуп, карындашы жок жигитке тием дечүмүн

Өч алгым келип жүргөн эски сүйгөнүмө арак көтөрүп келатып жолугуп калдым

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим "ата-энеңе акча салба" деп айлыгымды алганга шашылат

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт