// //

Атам тааныбаган жигитке күйөөгө берем дейт: бир кыздын окуясы

2018.11.22, 10:36
3951

Мира болгону 17 жашта. Аны атасы чоочун адамга күйөөгө берүүгө ниеттенип жүрөт. Туугандары да “качан турмушка чыгасың?” деп кайра-кайра сурай беришет.

Биздин үй-бүлөдө кыз болуп төрөлүү – бирөөнүн менчиги болуу дегенди түшүндүрөт.

Үйдөгү жумуштан колум бошобойт. Эки инимди карайм, тамак жасайм, кирлерди жууйм, кечкисин төшөктөрүн салам, таң эрте туруп уйларды бадага кошом. Башында баарын эжем жасачу. Кызык, азыр ойлосом эжемдин күлүп жүргөнү эсимде жок экен.

Атам эркелетпейт. Кокустан  көчөдөн жолугуп калсак унчукпай өтүп кетет. Байкемди, инилеримди жакшы көрөт, тамашалашып, чогуу олутуруп алып кино көрүшөт.

Кээде апама ачуум келет. Кыздын тагдыры ушундай болот дегенсип бизди корумак тургай, кайра кара жумушка салат.

5-класс болчум. Үйгө кишилер келип, атам менен көпкө сүйлөшүп отуруп кетишти. Эжем экөөбүз манты жасап жатканбыз. Атам келип:

- Анара, бир жумадан кийин турмушка чыгасың. Апаңа айтып койдум. Эртең базарга түшүп келгиле.

Эжем унчуккан жок. Бир топтон кийин жайып жаткан камырынын үстүнө көз жашы тамчылап түшө баштады. Шаардан жаңы эле келген, 2 – курста окучу.

Быйыл мектепти бүтүп, окууга тапшырдым. Ата-энемди кыйнабайын деп бюджетке өттүм.

Кечээ апам чалды. Тааныштары үйгө куда түшүп келиптир. Атам каршы болбоптур. Кыскасы, турмушка чыгышым керек экен.

Азырынча күйөөгө тийгим келбейт, окуйм дедим. Апам уккан жок. Ачууланып: “Мен эжемдей бактысыз болгум келбейт”, -деп телефонду коюп койдум.

Бир жумадан бери үйдөгүлөр менен сүйлөшө элекмин. Апамды атам жеп жатса керек.

Сурайын дегеним, ата-энемди кантип ынандырсам болот? Ата-энем деп эле ар бир сөзүн уга беришим керекпи? Кээде качып кетким же өлүп алгым келет. Мен болгону сүйгөн адамыма турмушка чыккым келет.

АДИСТЕН ЖООП

Нурислам Раимжанов, юрист:

Урматтуу окурман, мыйзам жана шарият боюнча сени мажбурлап турмушка берүүгө эч кимдин укугу жок.

Эгерде өмүрүңө кол салып же качып кетсең жаман да болсо ата-энеңдин көнүлүн оорутат.

Кандай гана ата-эне болбосун баласына жамандык каалабайт деген ишеничтемин.

Сага кеңешим, окуп, келечекте алар сыймыктанчу адам болом деп ата-энеңе айт, сөз бер. Алар түшүнөт деген ойдомун.

Мыкты инсан болууга аракет кыл, тынбай өзүңдүн үстүңдө иште. 

Гүлбарчын Жумабаева, эрте курактагы никелер жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча эксперт:

Урматтуу окурман! КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 155-1-беренесине ылайык никелешүү жаш-курагын бузгандыгы үчүн кыздын ата-энеси, нике кыйган молдо жана жашы жете элек кыз менен никеге туруп жаткан болочок күйɵɵ 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат. Эгерде жашың 18ге толо элек болсо жана атаң турмушка чык деп жатса, жогорудагы мыйзамды көрсөт.

Ал эми, жашың 18ден ɵйдɵ болсо, ушул эле кодекстин 154-беренесинде эч бир жаран ɵз кызын болобу, башка бирɵɵнүн кызы болобу мажбурлап күйɵɵгɵ бергенге акысы жок деп айтылган. Демек, мажбурлап күйɵɵгɵ бергендер үчүн да жоопкерчилик каралган.

КРнын Конституциясында "ар бир жаран болочок жубайын эркин тандоого укуктуу" деп жазылып турат.

Кɵпчүлүк учурда, үй-бүлɵлүк зомбулуктан жабыр тарткан кыз-келиндер убагында ата-энеси күйɵɵгɵ чык деп шаштыргандан улам болочок күйɵɵсүн, үй-бүлɵсүн толук билбей туруп тийип алышкандарын айтып ɵкүнүшɵт. Бүгүнкү күндɵ ажырашуунун дагы саны ɵсүп жатат. Келечекте бактылуу жашагың келсе шашпа, билим ал, терең ойлонуп анан турмушка чык. Сен буга укуктуусуң!

Шашып кыздарын күйɵɵгɵ бере коюп, кийин бир эки баласы менен ажырашып келгенде, ɵздɵрүн күнɵɵлүү сезип, башын мыкчып олтурган ата-энелер дагы жок эмес.

Атаңа жакшылап түшүндүр, сени тезирээк күйɵɵгɵ берүү менен маселе чечилип калбайт.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт