// //

Баланы горшокко кантип үйрөтүү керек?

2018.11.21, 16:28
4070

Айрым энелер баланы 1-2 айлык кезинен тартып тосуп үйрөтө баштаса, башкалары жөн гана памперс кийгизип убара деле болушпайт. Баланы кантип жана качан горшокко үйрөтүү керек экенин балдардын психологу Марина Романенко айтып берет.

Баланы тосуп үйрөтүп жатканда эмнени билүү керек?

Шашылуунун зарылчылыгы жок. Баланы кыйнап тосуп, урушуп, уяткарып, урбагыла. Бул жөн гана убара, текке кеткен убакыт жана нерв. Өзүнүн убактысы келгенде үйрөнүп алат.

Мен көпчүлүк кичинекей балдарды көргөм, “жүр мен сени тосоюн” же “горшокко отургузайын”, деген сөздү укканда эле каршылык көрсөтө башташат. Эмнеге? Себеби, ата-энелер көп ирет аны урушуп, кыйнап тосушкан.  

Бала 2-2,5 жашка чейин өзүнүн денесин толук башкарып үйрөнө элек. Бир аз чыдап туруш керек, андан кийин горшокко отуруш керек, же сием деп айтыш керек экенин түшүнө элек. Биз алты айлык баланы “Эмнеге баспай жасатсың, уят эмеспи, бул эми оңой эле да”, деп урушпайбыз да туурабы? Себеби убактысы келе элек, али эрте экенин билебиз.

Бул нерселерди жасоого такыр болбойт

Туалетке жетишпей калган баланы урушуп же жазалаган болбойт. Себеби, кийин “сиесиңби?”, деп сураганда бала башын чайкап жок дей берет. Мени кайра урушат деген ойдо калат.

Бала сийдик шымы менен жүрбөш керек. Суранам, балаңарды антип кыйнабагыла. Мен билем ошондой да ыкма бар. Сийдик шымчан жүрүп, анын ыңгайсыз экенин көрүп, кийин сием деп айтып калат. Жок, андай эмес. Анткен болбойт. Бул жөн гана кичинекей бала. Ал ар дайым, кургак жана таза кийимчен болушу керек. Колуңдан келсе, көбүрөөк шым сатып алгыла дагы, улам тазасын кийгизгиле. Сийип койдубу?  Эч нерсе эмес, жөн гана тазасын алып кийгизип кой. Болду.

Бала менен соодалашпагыла. Туалетке барсаң таттуу берем, же телефондон мультфильм коюп берем деген болбойт.

“Кошунанын баласы өзү эле сиет экен”, же “Улуу балам(кызым) бул жашыңда тыңыраак болчу”, деген сөздөрдү баланын көзүнчө айтпагыла. Башкаларга да сиздин балаңарды уяткаруусуна же сындоосуна жол бербегиле.

Айрым ата-энелер горшокко отурган баланы мактап, башка адамдарга да сүйүнчү катары айтышат. Туалетке барган сайын ага кол чаап, жыргашат. Эсиңерде болсун, бул шоу же концерт эмес. Бул ар бир адамдын табигый керектөөсү.

Эмне кылуу керек?

Башкысы, шашпагыла, баланы да шаштырбагыла.

Балдар башкаларды көрүп тезирээк үйрөнөт. Мисалы андан бир аз эле улураак баланын өзү туалетке барып жатканын көрсө ал дагы кызыгып, аны туурай баштайт. Баланы бала тезирээк үйрөтөт.

Балдарды салыштырып болбойт. Ар биринин өнүгүүсү ар башка темпте жүрөт. Айрымдары эртерээк үйрөнөт, башкалары кечирээк. 2-2,5 жашка чыккан көпчүлүк балдар сием деп айтып калышат.

Бала түнкүсүн сийип салбасын десеңер, жатаарга 2 саат калгандан тартып суу бербегиле, же азыраак бергиле. Ойгонгондо каалашынча иче берсин. Бирок жатаарда эмес.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт