// //

Мегакомдун «Окуучу» акысыз интернет топтому менен үйдөн чыкпай эле билим ал

2020.04.08, 11:37
1751

8-апрелден тарта орто мектептерде IV чейрек башталды. Бул чейректе окуу программасын үйрөтүү кадимки сабактардан айырмаланат. Өлкөбүздө жарыяланган өзгөчө абалга байланыштуу 1-класстан 11-класска чейинки бардык мектеп окуучулары аралыктан (дистанттык) билим алуу формасында окуй башташат.

Ушуга байланыштуу MegaCom мектеп окуучулары үчүн мыкты сунушту «Окуучу» акысыз кошумча топтомун ишке киргизди. Өлкөбүздүн мектеп окуучулары бул топтомду кошуп алуу менен, MEGA24 тиркемесиндеги «Мектеп» бөлүмүндө жайгаштырылган билим берүү мүнөзүндөгү онлайн-ресурстарды акысыз колдоно алышат!

Бул бөлүмдө КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин контенти гана эмес, MegaCom компаниясы тарабынан топтолгон электрондук китептер, видеосабактар жана башка атайын окуу материалдары да бар жана алардын бардыгы аралыктан билим алуу үчүн ыңгайлуу. 

MEGA24 тиркемесин Google Play жана App Store аркылуу жүктөп алууга болот.

«Окуучу» топтому өз ичине төмөндөгүлөрдү камтыйт:

  • Баланста акча каражаты жок болгон учурда түйүн ичинде акысыз чалуулар;
  • КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин бардык ресурстарына акысыз жетки алуу (oku.edu.gov.kglib.kgkitep.edu.gov.kgokuma.kgmoodle.inai.kgibilim.kg);
  • Google Classroom сервисине ( Google тарабынан билим алуу үчүн атайын иштелип чыккан) акысыз жетки;
  • MEGA24 тиркемесине жана анын ичинде жайгаштырылган билим берүү контентине акысыз жетки.

Уюлдук оператор мектеп окуучуларынын каалоолорун жана мүдөөлөрүн эске алуу менен, карантин маалында бош убактыларын кызыктуу өткөрүүсүнө ыңгайлуу шарт түзүп берди. Эми алар окуудан тышкары болгон учурларда сүйүктүү оюндарына жана тиркемелерине акысыз кире алышат.

Карантин маалында балдар үчүн төмөнкү сервистер АКЫСЫЗ:

  • Чектөөсүз WhatsApp,
  • Чектөөсүз Instagram,
  • Чектөөсүз TikTok;

Мобилдик оюндарга чектөөсүз трафик:

  • PUBG Mobile;
  • Garena FreeFire;
  • BrawlStars;
  • World of Tanks Blitz;
  • Dota 2 Underlods;
  • Clash of Clans.

«Окуучу» топтомун кантип кошуп алууга болот?

Акысыз топтомду кошуп алууда MegaCom SIM-картасынын болгондугу жетиштүү жана телефон номерин класс жетекчиге жөнөтүп коюу керек. Курч эпидемиологиялык кырдаалга жана көчөгө чыгууга коюлган чектөөлөргө байланыштуу, компания убактылуу бардык окуучуларга SIM-карталарды жеткирип бере албайт. Бирок кам санабай эле коюңуз! SIM-карталар Сизге жакын жайгашкан азык-түлүк дүкөндөрүндө, дүкөнчөлөрдө жана MegaCom Сатуу жана тейлөө борборлорунда бар.

Эскертүү: Чет өлкөлөрдун байланыш операторлорунун тажрыйбасы көрсөткөндөй, азыркы муундагы уюлдук операторлор массалык онлайн-сабактарды өткөрүүгө жана ири масштабдагы видеоконференцбайланышты колдонууга даяр эмес. MegaCom компаниясы аралыктан окутуу үчүн WhatsApp мессенжерин колдонууну сунуштайт. Анын башкы артыкчылыгы – бардык мугалимдердин жана окуучулардын аны колдоно билгендигинде.

Атайын даярдыгы бар класстар Google Classroom сервисин колдонсо болот. Аталган сервис колдонуу ыкмасын туура өздөштүрүп алгандар үчүн абдан натыйжалуу. MEGA24 тиркемеси мугалимдин сунуштамасы боюнча тандалган видеосабактарды, электрондук китептерди жана башка окуу материалдарды окуучунун өз алдынча үйрөнүүсү үчүн ыңгайлуу.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт