// //

Балага "алиги" жөнүндө кантип айтуу керек? Жыныстык мүчө тууралуу китептер

2018.11.20, 17:43
4806

Балаңыз менен интимдүү темалар тууралуу канчалык эрте сүйлөшсөңүз, ошончолук жакшы.

Балаңыз каяктан жаралганын сурап жатабы? Кыздар менен эркек балдардын жыныс мүчөсү эмнеге окшош эместигин билгиси келеби? Эгерде суроолоруна туура эмес жооп берип алам деп кабатыр болсоңуз бул китептер жардамга келет.

  1. «Мен кантип пайда болдум? Ыңгайсыз суроолорго туура жооп»

                              

5-10 жаштагы балдар үчүн жыныстык катнаш тууралуу китеп. Жыныстык мүчө, дене түзүлүш, мастурбация, кош бойлуулук жана контрацепция тууралуу жеңил, позитивдүү жана сыпайы жазылган. 

  1. Робби Харрис «Кел, балдар кайдан пайда болоору тууралуу сүйлөшөбүз» жана «Кел, мамиле тууралуу сүйлөшөбүз»

                                         ÐšÐ°Ñ€Ñ‚инки по запросу Роби Харрис «Давай поговорим о том, откуда берутся дети» и «Давай поговорим про отношения»

                                         ÐŸÐ¾Ñ…ожее изображение

Педагог Робби Харристин китебинен ар кайсы курактагы балдардын көйгөйлөрү – сезимдери, дене түзүлүштөрү, бойго жетилүүсү боюнча окуй аласыз.

  1. Франсуаза Буше «Китеп, балдар жана кыздар тууралуу баарын айтып берет»

                                            ÐšÐ°Ñ€Ñ‚инки по запросу Франсуаза Буше «Книга, которая расскажет всё о мальчиках и девочках»

Франсуаза Буш - белгилүү француз жазуучусу жана сүрөтчү, ал тургай, көп балалуу эне. Китеп  балдарга мамилелерди күлкүлүү сүрөттөр менен түшүндүрүп берет. 9-13 жаштагылар үчүн иштелип чыккан. Эскертүү: гомосексуализм тууралуу маалымат бар.

  1. «Аялдар жана эркектер»

                                

“Аялдар жана эркектер” - сексуалдык зордук-зомбулукка болгон сабырдуулукту азайткан, аялдар жана кыздардын коопсуздугун жогорулаткан китеп.

  1. Альберто Пеллай «Өтө эле эрте. Интернет заманында жыныстык тарбия берүү»

                                            ÐšÐ°Ñ€Ñ‚инки по запросу Альберто Пеллай «Слишком рано. Сексвоспитание в эпоху интернета»

Альберто Пеллай – дарыгер, психотерапевт, көп балалуу ата, коомдук саламаттык сактоо тармагында жасаган эмгеги үчүн Италияда медаль менен сыйланган. Китепте ата-энелер үчүн татааал болгон: порно, секстинг  жана киберкоркутуу, сексуализация суроолоруна жооптор бар. Муну ата-энелер сөзсүз окушу керек!

  1. Дебра Хаффнер «Жалаяктан биринчи жолугушууга чейин» жана «Биринчи жолугушуудан бой жеткенге чейин»

                                  ÐšÐ°Ñ€Ñ‚инки по запросу Дебра Хаффнер «От пелёнок до первых свиданий» и «От первых свиданий до взрослой жизни»

Хаффнер - жыныстык билим берүү боюнча америкалык эксперт. Китеп жыныстык катнаш жөнүндө гана эмес, ичкилик, баңгилик дары-дармектер, кооптуу жүрүм-турум, алгачкы ашыктык, суицид тууралуу. Көптөгөн реалдуу мисалдар менен изилдөөлөрдү камтыган.

Китептердин баарын китеп дүкөндөрүнөн буйрутма берип алсаңыз болот.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт