// //

Атам жокто апамды сүйгөн байке келип балык таштап кетчү

2020.04.04, 14:19
23766

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

Бою кичинекей, чачы үрпөйгөн, ыпылдап-шыпылдаган, кара-тору байке эле. Велосипедин сүйрөп алып “ким кой сойду”,- деп, бакырып көчө кыдырып жүрө берет. Өзү тери алып, үстүнө 5-10 сом кошуп, сатып иштейт. Жазында мал тоого кеткенде, көлдөн карась балыктарды кармап келип, ар бирөөсүн алты сомдон өткөрөт. Айыл ичинде “бизнесмен” деген атка конгон.

Биздин короого келгенде дубалдан башын созуп эки жакты карап бирөөнү издеп калат. Апамы көргөндө көздөрү жайнай түшөт.

- Классташ кандайсың!

- Жакшы, өзүң? Жөн жай элеби?

- Беш-алты балык калган, ошону алып үйүңдөгүлөргө кууруп бер.

- Жок ай, уят, баягыда эле таштап кеттиң.

- Ысыкта бузулуп кетет.

- Акчасын берейин.

- Жок сенден алалбайм.

Акыры апамды макул кылып, шыпылдап жалбыракка оролгон ондой балыгын кармата койду. Бактын түбүндө алма жеп отургам. Апам жаныман өтүп баратып, “атаңа таенем таштап кетти деп кой”,-деди. Башымды ийкедим, бирок эч нерсе түшүнгөн жокмун. Кечинде атам жумуштан келгенде чогуу отуруп курулган балык жедик.

Кызыгы ар дайым атам жокто келет. Дубалдан башын созуп кир жууп отурган апама суктанып тура берет.

Байке апамды башкача карайт. Көздөрү жылтырып, апам жанына барса колдору титиреп, сүйлөй албай акактап кетет. Эмнегедир апам аны жактырбай, тезирээк кетишин каалайт.

Бир күнү дагы келди. Апам “качан үйлөнөсүң?” десе, дароо маанайы өзгөрүп,  коштошпой велосипедин сүйрөп кетип калды. "Айнып калган го",- деп, апам ийнин куушуруп, ишин уланта берди. Ичимден болду келбейт дедим. Чын эле келген жок.

11-класс элем. Таенем баарын айтып берди.

“Эрнис апаңды кичинесинен бери жактырат. Дөңгө чыгып алып, “мен Гүлбайраны алам” деп бакыра берет эле. Бир класста окушту. Ар дайым апаңдын сумкасын көтөрүп келет. Ыраматылык таятаң, “кызымды сага берем” десе, сүйүнүп кетет. Бирок, кызым эч эле аны жактыра албай койду. Кийин атаң менен таанышып, турмушка чыгып кетти. Ал убакта Эрнис армияда эле. Келип эле биздин үйгө кирди. Апаңдын күйөөгө тийгенин айтсак, шолоктоп ыйлады. Кийин такыр үйлөнбөй койду. Бечара ата-энеси “келиндин чайын ичсек” деп жүрүп өтүп кетти.”

Андан бери канча жыл өттү. Бирок ошол байкенин элеси дале көз алдымда. Кызык кайда жана эмне кылып жүрдү экен? Апаман сурасам, ошондон бери келбептир. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт. Каармандардын аты өзгөртүлдү. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм келиниме тийишип, көзүмө чөп салса деле катуу сүйөм

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим "ата-энеңе акча салба" деп айлыгымды алганга шашылат

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт