// //

Шаарга жумуш издеп кеткен күйөөмө чалсам, боюнда бар аялы жооп берди

2020.04.03, 16:12
10837

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

"Жүз пайыз ишенген өмүрлүк жолдошумдан муну күткөн эмесмин"

Бир күнү күйөөм “Бишкекке барып иштеп келейин, жакшы иш тапсам силерди алып кетем”,-деп шаарга жөнөдү. Эки баламды кучактап ичим сызып кала бердим. Башында күн алыс эмне болуп жатканын сурап чалып турдум. Көп өтпөй телефонун албай, алса да “жумуштамын” деп бакырып басып койчу болду.

Жаман оюм жок дагы чалдым. Бир кыз алды.

- Ким бул?

- Ким керек силерге?

- Сен кимсиң?

- А, мен досунун аялы болом. Экөө аэропортко кетти. Телефонун калтырып коюптур.

- Келсе мага чалып койсунчу.

- Макул.

Уктабай кечке күттүм. Эртеси чыдабай өзүм байланышка чыктым. Кызык, дагы кечеги кыз алды.

- Түшүнбөдүм. Эмнеге чалган жок? Эмнеге телефону силерде?

- Сен аялысыңбы?

- Ооба.

- Анда жакшылап ук, мен да аялы болом.

- Кандайча аялысың? Биздин эки балабыз бар.

- А менин эки айлык боюмда бар.

Телефонду басып койду. Нес болуп туруп калдым. Жүз пайыз ишенген өмүрлүк жолдошумдан муну күткөн эмесмин. Көз жашым кургап калганча ыйладым. Кечинде өзү чалып, “мени кечир, башканы жактырып калдым, артка кайтпайм”,-деди.

Апам, “тур, ыйлагандан пайда жок, күйөөңдү алып кел”,-деп жол кире берип, шаарга жөнөттү. Жолдо баратып, “өз канынан жаралган балдарынан кечип, башка аялга кеткен бир татыксыз эркек үчүн эмнеге узак жолго чыктым” деген ой келди. Айдоочону токтотуп, артка кайттым.

Үйгө келип Москвада иштеп жүргөн атама чалып баарын айтып бердим. Атам, “Мен тирүү турганда ыйлаба! Балдарың кичинекей. Бир-эки ай алар менен бол. Жакшылап эс ал. Анан билет алып берем, жаныма келесиң”,-деди. Арадан айлар өтүп Москвага учуп кеттим.

Иштеп тапкан акчамды ай сайын балдарыма жөнөтүп жаттым. Ошентип сегиз жыл өттү. Балдарым мектеп босогосун аттады. Күйөөмдүн ошол ойдон дайыны жоголду. Атам эгер аны менен байланышсам кечирбей турганын айтты.

Атам катуу ооруп калды. Акыркы күндөрү “турмушка чык, сенин бактылуу болуп жүргөнүңдү көрүп кетейин” десе, эжелерим күйөөгө тийбесем, сыйым жок болоорун айтышат.

Эки жылдан бери өзүмдөн жети жаш улуу бирөө менен сүйлөшөм. Ал дагы бир турмушту көргөн, балдары бар. Бирибизди катуу сүйөбүз. Бирок, анын ичи таар, мерез, урушчаак, ашыкча кызганчаак. Балдарыма колдон келсе жардам берерин, бирок жанына албай турганын ачык айтты. Мени болсо эки жакка чыгарбайт, “мен өлгөндө каалашыңча басасың” дейт. Жакшы көргөнүм үчүн андан башкага тие турганымды элестете албайм.

Бирок, балдарымды кандай кылам? Аларды боорума кыскым келет. Анын сунушун кабыл алып өзүмдү, ата-энемди кыйнап койсом эмне болот? Азыр экөөбүздүн ортобузда сүйүү эле бар.

Адис эмне дейт

Эльвира Чокоева, психолог

Кутмандуу күнүңүз менен!

Сиз оор күндөрдү башыңыздан кечирдиңиз - күйөөңүздүн чыккынчылыгы, балдарыңыздан алыс болдуңуз, атаңыз ооруга чалдыкты, көңүлүңүз чөктү дегендей. Бактыга жараша, атаңыз мурунку күйөөңүз менен сүйлөшпөшүңүздү эскертип, бир аз калыбыңызга келип калдыңыз.

Азыр сиз эркексиз татынакай жашоо боло тургандыгын, тактап айтканда ажырашкандан кийин жашоо бар экенин түшүнгөндөн кийин, күтүлбөгөн жерден башка жигитке жолугуп калдыңыз. Мындай караганда баары жакшы көрүнөт, бири-бириңерди сүйөсүңөр жана ал сизге баш кошууну сунуштады. Бирок али турмушка чыкпай жатып сизде шектенүү сезимдери бар экени жана психологго кайрылууну чечкениңиз, мени чочулатып турат.

  1. Жигитиңиздин ичи тар экенин бир нече жолу жаздыңыз. Эркектин ушул сапатынын айынан ажырашып кеткен көптөгөн түгөйлөрдү билем. Аял жөнүндө үнөмдүү деп айтууга болот, бирок бул сапат эркектерге туура келбейт. Үй-бүлө, балдар - бул туруктуу чыгымдар жана жыл сайын көбөйө берет. Бул үй-бүлөдөгү чыр-чатактын олуттуу себеби болушу мүмкүн.
  2. Ал өзүнө толук жоопкерчиликти алган жок. Чыныгы сүйүү - кумарлуу секс гана эмес, ал адамды бүтүндөй кабыл алуу. Балдарыңыз мурунку никеден болсо дагы сиздин бир бөлүгүңүз. Ошондо, ал сизге үйлөнөт, бирок балдарыңыз башка жакта жашашы керек. Бул сүйүү жөнүндө эмес, өтө өзүмчүл позиция.
  3. Статистика боюнча күйөөнүн кызганчаактыгы аялдарды ур-токмокко алуу себептеринин арасында алдыңкы орунду ээлейт. Кудай сактасын, бир аз кечигип, кармалып калсаңыз, анда жашооңуз үрөй учурарлык абалга айланышы мүмкүн. Бул жөнүндө ойлонуп көрүңүз.

Туугандарыңыз, атаңыз турмушка чыгышыңызды каалап жатканын жаздыңыз. Өзүңүздүн каалоолоруңуз кайда? Эмне үчүн башкалардын каалоолору жөнүндө көбүрөөк ойлойсуз? Турмушка чыгуу көйгөй эмес, бирок бактылуу жашоо бул өзүнчө суроо.

Өзүңүзгө көңүл буруңуз. Кандай жашоо каалайсыз? Жаныңызда кандай кишини көргүңүз келет? Анын кандай сапаттары бар? Ал сизге жана балдарыңызга кандай мамиле кылат? Бул суроолорго чын жооп берүү биринчи кезекте өзүңүз үчүн туура чечим чыгарууга жардам берет деп ойлойм. Ийгилик!

Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм келиниме тийишип, көзүмө чөп салса деле катуу сүйөм

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим "ата-энеңе акча салба" деп айлыгымды алганга шашылат

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт