// //

Балалуу болсок жолдошум кол көтөрбөй калабы, деп үмүттөнөм. Психологдун жообу

2020.04.03, 14:41
1194

Саламатсызбы. Мага силердин жардамыңар керек. Учурда экөөбүз урушуп эки жакта жүрөбүз. Төрт жыл сүйлөшүп баш кошконбуз, үй-бүлө курганыбызга 1,5 жыл болду. Ортодо балдарыбыз жок.

Жолдошум өтө кызганчаак. Бир туугандарыма, курбуларыма, жада калса өзүнүн жеңелерине кошпойт. Кызганып атып иштен да чыгарып алды, же өзү иштеп мени бакпайт. Түрмөдө жашап жаткандай эле болом. Уруштун бары кызганычтан чыгат, же болбосо бир нерсеге жеке пикиримди айтсам дароо уруп-сабап кирет. Талылуу жериме чаап өлтүрүп коебу, деп корком.

Бул экөөбүздүн тең экинчи турмушубуз. Мага чейин ким менен болгонсуң, деп шылтоо таап да, кол көтөрө берет. Балким, балалуу болсок өзгөрөбү, деп канча аракет кылдым. Такыр болгон жок. Күйөөмдүн уругу 0% экен.

Биринчи никемден бир балам бар. Аны деле сурабайт, каралашпайт. Азыр да кызганычтын айынан урушуп, ата-энемдикине кетип калдым.

Кандай кылсам? Дегеле жашоодо адам өзгөрүшү мүмкүнбү?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
03.04.2020, 14:42

Мария Самсонова

Психолог

Саламатчылык. Сиз зөөкүр менен жашап жатасыз. Мындай адамдар психотерапевтке көрүнүп, узак терапиядан өткөндөн кийин гана өзгөрүшү мүмкүн. Бирок мында бир көйгөй бар. Адатта, алар кандайдыр бир көйгөй бар экенин моюнга алышпайт, жана психолог же психотерапевтке көрүнүп дарылангысы келбейт.

Балалуу болсок өзгөрөбү деп жатасыз. Экөөңөрдүн көйгөйүңөрдү бала чечпейт. Ушинтип ойлонуу чоң жаңылыштык. Кийин бала да сизге окшоп, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун курмандыгына айланат.

Психологиялык абалы туруктуу, мамилелер жакшы үй-бүлөдө да баланын төрөлүшү үй-бүлө мүчөлөрү үчүн стресс болуп, мамиледеги кризиске алып келет. Ал эми дисфункционалдуу үй-бүлөдө кырдаал ого бетер курчуйт, ызы-чуу, уруш-талаш көбөйөт. Бала ата-энесинин чатагын көрүп чоңоет.

Эгер өзүңүздү түрмөдө жашагандай сезсеңиз, эмне үчүн тагдырыңызды бул адамга байлап жатасыз? Сиз сүрөттөп жаткан адам, чындап эле камкор ата, күйүмдүү күйөөгө айланышына ишенип жатасызбы?

Эч качан андай болбойт! Бул жөн гана фантазия, өзүңдү-өзүң алдоо. Бул сүйүү эмес, сүйгөн киши жакынына кордук көрсөтпөйт.

Сиз үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун курмандыгысыз. Тез арада өзүңүздү куткаруунун жолун издешиңиз керек. Өзүңө жасалган мамилени өзгөртүү үчүн алгач өзүң өзгөрүшүң зарыл. Сиздин ой жүгүртүү, сиздин психология ушундай мамиле кылууга жол берип жатат.

Сиз бардыгын түшүнүү үчүн күйөөңүз дагы кандай кадамдарга барышы керек? Эмнени күтүп жатасыз?

Ойлонуңуз.

Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот. 

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт